# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-июлундагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин "Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-июлундагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин "Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 430
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97713>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18239/edition/907307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97713.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-июлундагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин "Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (18.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97713

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-октябрындагы № 486 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 1-июлу № 430 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин "Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө "Борбордун статусу жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын борборунда шаар курулушу жана архитектура чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун арттыруу максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын программаларын ишке ашырууга шарттарды түзүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги "Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын (мындан ары -"Бишкекбашкыархитектура" МИ) Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

- "Бишкекбашкыархитектура" МИни муниципалдык менчикке кабыл алуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юстиция органдарында "Бишкекбашкыархитектура" МИни мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында мүлккө менчик укугун каттоо;

- өткөрүп берилген ишкананы максаттуу багыты боюнча пайдалануу.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Бишкек шаарынын мэриясы менен бирге эки жумалык мөөнөттө "Бишкекбашкыархитектура" МИнин мүлкүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Бишкекбашкыархитектура" МИнин карыздарын реструктуралаштырсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
