Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин „Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы“ мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 18 октября 2018 года № 486 "О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики "О передаче государственного предприятия "Главное управление архитектуры и градостроительства города Бишкек" Государственного агентства архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики в муниципальную собственность мэрии города Бишкек" от 1 июля 2015 года № 430"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-10-18.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-октябрындагы № 486 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 1-июлу № 430 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин "Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө "Борбордун статусу жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын борборунда шаар курулушу жана архитектура чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун арттыруу максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын программаларын ишке ашырууга шарттарды түзүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги "Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын (мындан ары -"Бишкекбашкыархитектура" МИ) Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Бишкекбашкыархитектура" МИни муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юстиция органдарында "Бишкекбашкыархитектура" МИни мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында мүлккө менчик укугун каттоо;
- өткөрүп берилген ишкананы максаттуу багыты боюнча пайдалануу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Бишкек шаарынын мэриясы менен бирге эки жумалык мөөнөттө "Бишкекбашкыархитектура" МИнин мүлкүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Бишкекбашкыархитектура" МИнин карыздарын реструктуралаштырсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-октябрындагы № 486 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-июлундагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана…Постановление · 18.10.2018 · № 486
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-октябрындагы № 486 токтомуПостановление · 18.10.2018 · № 486
- Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 170 "Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна…Постановление · 08.02.2021 · № 170 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-октябрындагы № 486 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-июлундагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана…Постановление · 18.10.2018 · № 486
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон