КР Өкмөтүнүн «Аксакалдар соттору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 29-июну № 425 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8, 378-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 9-беренеде:
- 1-бөлүк "кем эмес жашаган," деген сөздөрдөн кийин "соттолгондугу жок же болбосо мыйзамдар менен белгиленген тартипте алып салынган же жоюлган," деген сөздөр менен толукталсын;
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Иштерди кароодо аксакалдар сотторунун мүчөлөрү иш стилиндеги кийимди кийүүлөрү зарыл.".
2. 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Республикалык маанидеги шаарларда аксакалдар соттору жергиликтүү кеңештер тарабынан аныкталган принцип боюнча түзүлөт.".
2. 11-беренеде:
- 2-бөлүктөгү "алардын аткаруу органдары" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги тексттин 5-бөлүгү "Бир почта" деген сөздөрдөн кийин "дареги" деген сөз менен толукталсын.
4. 29-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-берене. Акчалай айып Аксакалдар соту салган акчалай айыптардын суммасы жергиликтүү бюджетке төгүлөт.".
5. 33-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо жергиликтүү кеңештер бекиткен тартипте жүзөгө ашырылат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы № 71-VI "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 03.12.2015 · № 71-VI
- КР Жогорку кенешинин 2016-жылдын 3-февралындагы № 234-VI "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 03.02.2016 · № 234-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 10-мартындагы № 348-VI "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 10.03.2016 · № 348-VI
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Аксакалдар соттору жөнүндөЗакон · 05.07.2002 · № 113 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон