Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын «Дуйшенбек Текшербекович Зилалиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июлундагы № 31 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө» чечими
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ Дуйшенбек Текшербекович Зилалиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июлундагы № 31 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө 2019-жылдын 27-сентябры Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - К.А. Дуйшеев, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, Э.Т. Мамыров, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы Н.А. Кененсариеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Д.Т. Зилалиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июлунундагы № 31 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусун сот отурумунда карап чыкты. Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү жана Д.Т. Зилалиевдин, анын ѳкүлү Н.К. Сыдыковдун өтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Т А П Т Ы: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 20-июнунда Д.Т. Зилалиевдин Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 323-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ, 26-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ, 27-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 28-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө ѳтүнүчү келип түшкѳн. Келтирилген материалдардан 1997-жылдын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 308-1-беренесинин (мыйзамсыз баюу) 2-бѳлүгүнүн 1-пунктунун негизинде Д.Т. Зилалиевдин үстүнѳн кылмыш иши козголуп, анын натыйжасында айып коюлган. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин жаңы редакциясы 2017-жылдын 24-январында кабыл алынып, ал 2019-жылдын 1-январында күчүнѳ кирип, 1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы күчүн жоготкондугуна карабастан, кайрылуучу ѳзүнүн үстүнѳн жүргүзүлгѳн жазыктык куугунтуктоо 2019-жылдын май айына чейин улантылып, аталган Кодекстин 323-беренесинде (мыйзамсыз баюу) каралган кылмышты жасады деп шектелгендиги жѳнүндѳ билдирме 2019-жылдын 2-майында берилип, иш маңызы боюнча кароого райондук сотко ѳткѳрүлгѳндүгүн кѳрсѳткѳн.
Д.Т. Зилалиев белгилегендей, жазыктык процессте күнѳѳсүздүк презумпциясы шектүүнүн жана айыпталуучунун укуктарын сактоо маселесинде маанилүү кепилдиги жана адилет соттук териштирүүнүн милдеттүү түзүмү болуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинен келип чыгат. Бул презумпцияга ылайык күнѳѳсү мыйзамдуу тартипте далилденип жана соттун айыптоочу ѳкүмү менен белгиленгенче адам кылмыш жасоодо күнѳѳсүз болуп саналып, кылмыш жазасына туш боло албайт; эч ким кылмыш жасоодо ѳзүнүн күнѳѳсүздүгүн далилдѳѳгѳ милдеттүү эмес; айыптоо мыйзамсыз жол менен алынган далилдерге жана божомолдорго негизделе албайт; бардык күмѳн саноолор адамдын пайдасына чечмеленет; адамдын күнѳѳсүн далилдѳѳ милдети мамлекетке жүктѳлѳт. Күнѳѳсүздүк презумпциясы тууралуу кепилдиктер Адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо жѳнүндѳгү конвенциянын 6-беренесинин 2-пунктунда да каралган.
Жазыктык процессте инсандын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын маанилүү кепилдиги болуп ѳзүнѳ, үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнѳ же жакын туугандарына карата кѳрсѳтмѳ же түшүндүрмѳ берүүдѳн баш тартуу үчүн адамды жоопкерчиликке тартууга жол берилбестик бекитилген. Бул кепилдик Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралып, бардык адамдарга карата тең деңгээлде колдонууга тийиш жана аны азайтууга же жокко чыгарууга жол берилбейт. Кайрылуу субъекти укуктун үстѳмдүк принцибинин башкы элементтери - юридикалык аныктуулук, укуктук ченемдик аныктуулук, ачыктык жана эки маанилүү эместик деп белгилейт. Ушул талаптарды сактоо жазыктык чѳйрѳдѳ анын спецификасын эске алуу менен ѳзгѳчѳ маанилүү, анткени жазыктык жоопкерчиликке тартууда адамдын укуктарын жана эркиндиктерин олуттуу чектѳѳ менен байланыштуу болот деп эсептейт. Тактап айтканда, талаш жаратуучу ченемдин редакциясынын мааниси боюнча кылмыштын курамы мүлктү сатып алуу үчүн мыйзамдуу булактарды ырастабоо учурунда пайда боло тургандыгы байкалат да, мыйзамдуу жана мыйзамсыз булактар болуп эмне санала тургандыгы аныкталбайт. Эгерде талашылып жаткан ченемде кѳрсѳтүлгѳн активдерди мүлккѳ сатып алуунун негизделгендигинин мыйзамдуулугу далилдер менен ырасталбаса, мындай баюу мыйзамсыз болуп, кылмыштын объективдүү тарабын түзѳт. Башкача айтканда, кылмыш катары мыйзамсыз баюунун негизги белгиси катары мыйзам кѳрсѳтүлгѳн активдерди менчикке сатып алуунун негиздеринин мыйзамдуулугунун далилдеринин жоктугун аныктайт. Талашылып жаткан ченемдин диспозициясынын таризделиши боюнча далилдердин жоктугу, мыйзамсыз баюу катары мындай кылмыштын курамынын объективдүү тарабынын адамдын аракетинде болушун таануу кылып, субъекттин активдерди менчикке сатып алышынын негиздеринин мыйзамдуулугун далилдер менен ырастоонун керектигин шарттайт.
Д.Т. Зилалиев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун эске алып, конкреттүү адам тийиштүү активдерди менчикке сатып алуунун негиздеринин мыйзамдуулугунун далилдерин чогултууга милдеттүү субъект болуп, кандайдыр бир кылмышты, анын ичинде жогоруда аталган Кодекстин 323-беренеси менен каралган кылмышты жасоодо шектүү же айыпталуучу адам боло албайт деп эсептейт. Мында, адам ѳзүнүн күнѳѳсүздүгүнүн далилдерин ѳзүнүн каалоосу боюнча бере алат же бербейт, ал эми күнѳѳнү далилдѳѳ айыптоо тарабына жүктѳлѳт.
Кайрылуучунун пикири боюнча, мыйзамсыз баюу кылмыштын курамынын негизги белгисин процесстик иштин жыйынтыктары менен байланыштырат. Айыптоо тарабы менчикке активдерди сатып алуунун конкреттүү ыкмасын аныктоого кѳңүл бурбай коюушу мүмкүн. Бул айыптоочу тарапты да, коргоочу тарапты да адаштырат, анткени активдерди менчикке сатып алуу негиздердин мыйзамдуулугунун далилдеринин болушуна же жоктугуна топтоштурулган. Мыйзамсыз баюу кылмышынын курамы мындай активдерди менчикке сатып алуунун негиздеринин мыйзамдуулугунун далилдерин ырастоонун жоктугунда гана пайда болот да, айыптоо божомолдордо курула албай, мындай жагдай жазык-процесстик мыйзамдардын негизги принциптерине каршы келет. Мыйзамсыз баюунун курамы белгилүү эместикти камтыйт жана жагдайды талдоодо мыйзамсыз булактардан келип чыгышы далилденгенче ал чыныгы же жалган деп санала тургандыгын териштирүү мүмкүн эмес. Кайрылуу субъекти менчикке активдерди мыйзамдуу негиздерде сатып алган, бирок мындай сатып алуунун негиздеринин мыйзамдуу ырасталышы жок адамды мыйзамсыз баюу үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга мүмкүн болуп калгандыгын белгилейт. Мындай сатып алуу далилдер менен ырасталышынын жоктугу, сатып алуунун мыйзамдуу эместигинин далили катары каралып, анын ээсинин аракеттери болсо - мыйзамсыз баюу катары квалификацияланышы мүмкүн. Талашылып жаткан ченем активдерди менчикке сатып алуунун негиздеринин мыйзамдуулугуна күмѳн саноолор олуттуу ѳлчѳмдѳ бул адамдын пайдасына эмес чечмелениши мүмкүн жана анын мыйзамсыз байышынын ырастоосу катары каралышы мүмкүн, бирок Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес жана күнөөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет. Демек кайрылуучу, талашылып жаткан ченем ачыктык, тактык жана бир маанилүүлүк талаптарына ылайык келбейт, ошондуктан конституциялык укуктук үстѳмдүүлүк принцибинин түзүмү катары болуп саналган юридикалык аныктуулукка каршы келет деп эсептейт. Конституциялык көрүнүшкө өткөн мезгил маселелерин бузуу менен байланыштуу Жазык кодекстин 323-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Ушул конституциялык ченемге ылайык ченемдик укуктук акттын мезгилдеги аракети акт күчүнѳ кирген учурдан башталып, ал күчүн жоготкондо токтотулат деп түшүнсѳ болот. Кайрылуучу талашылып жаткан ченемге тийиштүү маселелер боюнча жосундун кылмыштуулугу жана жазалуулугу жосун жасалган убакытта колдонулган мыйзам менен аныкталып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оордотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт деп эсептейт. Мындан тышкары, кайрылуу субъекти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрылып, алардан алган каттарды кайрылуусунда ѳзүнүн кѳз карашын негиздѳѳчү далилдер катары кѳрсѳткѳн. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Д.Т. Зилалиев Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 323-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ, 26-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ, 27-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 28-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таанууну суранган. Ошол эле учурда, Д.Т. Зилалиев 2019-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына ѳзүнүн ѳтүнүчүнө толуктоо менен кайрылган. Анда кайрылууда көрсөтүлгөн талаптар менен бирге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 323-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ дагы ылайык келбейт деп таанууну суранган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, 2019-жылдын 4-июлундагы №31 аныктамасы менен төмөнкүдөй негиздер боюнча өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында Конституциялык палатага болгон кайрылууну тариздѳѳгѳ жана арыздануучу койгон маселе боюнча анын кѳз карашын негиздѳѳгѳ болгон бир катар талаптар каралган (20, 24, 25 жана 28-беренелер). Аталган конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселенин конституциялуугу Конституциялык палата тарабынан текшерилсе жана анын өз күчүн сактаган актысы бар болсо коллегия кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ѳзүнүн 2014-жылдын 25-июнундагы Чечими менен мыйзамсыз баюу маселесин текшерип чыгып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн диспозициялары Конституциянын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 26-беренесинин 2, 4-бѳлүктѳрүнѳ карама-каршы келбейт деп тааныган жана бул Чечим өз күчүн сактайт. Ошону менен бирге, талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө, 26- беренесинин 6-бөлүгүнө, 27-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 28-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп табуу жѳнүндѳ кайрылуу субъектинин талаптары боюнча судьялар коллегиясы тѳмѳнкүнү белгилеген. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актынын Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу - ишти кароого негиз болуп эсептелет, арыздануучу ѳз кайрылуусунда ал койгон маселе боюнча көз карашын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тиешелүү ченемдерине шилтеме келтирүү менен анын укуктук негиздемесин көрсөтүүгө милдеттүү. Ал эми, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгү, 26-беренесинин 6-бөлүгү, 27-беренесинин 3-бѳлүгү, 28-беренесинин 1-бѳлүгү бир эле укук бузгандык үчүн эч ким кайра юридикалык жоопкерчилик тартпоо; мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбоо; мыйзамда каралган учурларда адам сот арачыларынын катышуусу менен ишти сотто каратуу жөнүндө принциптерин камтыйт жана алардын мазмуну талашылып жаткан укуктук ченем менен айкалышында тастыктаган укуктук негиздемеси жоктугуна байланыштуу жогоруда аталган күмөндүүлүктү жаратпайт. Мындан тышкары, Д.Т. Зилалиевдин ѳтүнүчү жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 3-пунктуна ылайык кайрылуу субъектинин Конституциялык палатада иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктарга ээ болбогон өкүлү тарабынан берилсе судьялардын коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат. Аталган конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 2-бөлүгүндө тараптар өз ишин жеке же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу алып барышы мүмкүн, бирок ѳкүлдөрдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте жол-жоболоштурулат деп судьялар коллегиясы көрсөткөн.
Д.Т. Зилалиев, анын ѳкүлү Н.К. Сыдыков судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июлундагы аныктамасы менен макул болбостон, 2019-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Арыздануучу өзүнүн даттануусунда белгилегендей, судьялар коллегиясы шилтеме келтирген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 25-июнундагы Чечиминде 1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясындагы Кылмыш-Жаза кодексинин 308-1-беренеси (мыйзамсыз баюу) каралып, бул берененин диспозициясы ушул эле Кодекстин (азыркы учурда Жазык кодекси) 2017-жылдын 2-февралындагы редакциясындагы 323-беренесинин (мыйзамсыз баюу) диспозициясынан такыр эле айырмаланат. Тактап айтканда, Жазык кодексинин жаңы редакциясында толук эки жыл үчүн мыйзамдуу булактар аркылуу тастыкталган расмий кирешелер, сатып алуу жолу гана жана адамдын мындай мүлктү жакын туугандарына ѳткѳрүп берүүсү каралат. Д.Т. Зилалиевдин пикири боюнча бул кѳрүнүштѳргѳ судьялар коллегиясы ѳз юридикалык баасын кѳрсѳткѳн эмес.
Д.Т. Зилалиев жазыктык жоопкерчиликти белгилеген ченемдерге коюулуучу талаптар, жазыктык жоопкерчиликке тартуунун ѳзгѳчүлүктѳрү жѳнүндѳ, ошондой эле талашылып жаткан ченемде «мыйзамдуу» же «мыйзамсыз» булактар болуп эмне санала тургандыгы так кѳрсѳтүлгѳн эмес деп кайрадан белгилеген. Ал мисал катары келтиргендей, күнѳѳлүү жак контрабанда, баңги зат же корруция сыяктуу мыйзамсыз булактардын эсебинен байыса, мындай учурда адам жазык жоопкерчилигине контрабанда үчүн да, мыйзамсыз баюу үчүн да тартылууга тийиш болуп, бул Конституциянын 27-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ каршы келет. Ошол эле учурда, «мыйзамдуу булактар» деген түшүнүк 2014-жылдагы Жазык кодексинде жок болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 25-июнундагы Чечиминде каралган эмес.
Мындан тышкары, Д.Т. Зилалиев судьялар коллегиясы ѳтүнүчтѳ коюлган маселе күмөндүүлүктү жаратпайт деп кѳрсѳтүп, ѳз ыйгарым укуктарынан чыккан деп эсептейт. Талашылып жаткан мыйзамдын конституциялуулугу күмѳндүүлүктү жаратабы же жаратпайбы, ѳтүнүчтѳ негиздеме барбы же жокпу, ал канчалык негиздүү же негиздүү эмес бул арыздануучунун пикири боюнча Конституциялык палатанын толук курамынын ыйгарым укугу, ал эми, судьялар коллегиясы кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуучу учурлар жогоруда белгиленген конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бѳлүгүндѳ так кѳрсѳтүлүп, алардын катарында аталган жүйѳ каралган эмес. Ошондой эле, Д.Т. Зилалиев судьялар коллегиясы аталган конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 3-пунктуна, 32-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине тараптардын өкүлдөрү тууралуу келтирген шилтемелер менен макул эмес. Себеби, ѳтүнүчтѳ Д.Т. Зилалиевдин колу коюлуп, ал тергѳѳ абагында болгондуктан, ѳтүнүчтү ѳз колу менен бере албай, анын адвокаты Н.К. Джаналиева ѳтүнүчкѳ ѳзүнѳ тийиштүү ордер-буйрутманын жана адвокаттык күбѳлүгүнүн кѳчүрмѳлѳрүн тиркеп, Д.Т. Зилалиевдин ѳтүнүчүн тапшырууга толук укуктуу болгон деп эсептейт. Жогоруда келтирилген жүйѳлѳрдүн негизинде Д.Т. Зилалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июлундагы №31 аныктамасын жокко чыгарууну жана ѳзүнүн өтүнүчүн кабыл алууну суранууда. Ошону менен бирге, Д.Т. Зилалиев 2019-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына ѳзүнүн даттануусуна толуктоо менен кайрылган. Анда даттанууда көрсөтүлгөн талаптар менен бирге 1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренесинин жана 2017-жылдын 2-февралындагы редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 323-беренесинин диспозицияларынын айырмасын кѳрсѳтүп, бул айырмалар тууралуу судьялар коллегиясы ѳз юридикалык баасын жана анализин жүргүзгѳн эмес деп белгилеп, даттанууда коюлган талаптарды канаттандырууну суранган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуусунун негиздерин талкуулап, төмөнкүдөй тыянактарга келди. Мыйзамсыз баюу конституциялык ѳндүрүштүн предмети катары каралып, бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2014-жылдын 25-июнунда Чечим чыгарып, бул чечим өз күчүн сактайт. Бул Чечимде Конституциялык палата күнөөсүздүк презумпциясынын укуктук маңызы, күнөөнү далилдөө түйшүгүнүн же милдетинин, айыпталуучунун далилдѳѳгѳ тийиштүү ролунун (укугунун), кызмат адамынын өзү алып жаткан коомдук-укуктук статусунун жана коррупцияга каршы каралган чаралардын ѳзгѳчүлүктѳрү жѳнүндѳ укуктук позициясын белгилеген. Текшерилип жаткан Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренесинин диспозицияларынан, бул кылмыштын субъектилери болуп, кызмат адамы жана жооптуу абалды ээлеп турган кызмат адамдары (саясий жана атайын мамлекеттик кызматты ээлеп турган адамдар) саналары белгилүү болуп, бул кылмыштын субъективдүү тарабы, объекти, объективдүү тарабы кѳрсѳтүлүп, объективдүү тарабын так аныктоо үчүн, мыйзам чыгаруучу талашка түшкөн берененин диспозициясынын редакциясын тактап алууну Конституциялык палата баса белгилеген. Ошону менен бирге, бул Чечимде кызмат адамынын өзүнүн мыйзамдуу кирешелеринен ашып кеткен активдеринин көбөйүп кеткендигин далилдөө милдети, анын эл алдында укуктук статусунан жана кызматтык ишмердүүлүгүнөн келип чыккан анын милдеттеринин алкагында ишке ашырылат жана жазык сот ишинин алкагында өз күнөөсүздүгүн далилдөө катары каралбайт деп кѳрсѳтүлгѳн. Демек, аталган Чечимде кызмат адамынын мыйзамсыз баюу маселесинин конституциялуулугу толук түрүндѳ каралып, судьялар коллегиясынын, Д.Т. Зилалиев койгон маселенин конституциялуугу Конституциялык палата тарабынан текшерилип, анын өз күчүн сактаган актысы бар деген тыянагы жүйөлүү.
Д.Т. Зилалиев ѳзүнүн даттануусунда Жазык кодексинин эки редакциясынын айырмасын кѳрсѳтүп, ѳтүнүчүндө келтирген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө, 26- беренесинин 6-бөлүгүнө, 27-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 28-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ шилтемелердин укуктук негиздемесинин жетишпестиги тууралу судьялар коллегиясынын тыянагы негиздүү болуп саналат.
Ал эми кайрылуучунун күнѳѳлүү жак мыйзамсыз булактардын эсебинен байыса жазык жоопкерчилигине бир нече беренелер менен тартылышы мүмкүн, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ каршы келет деген жүйөөсү негизсиз. Бул маселе укуктук жактан жазык мыйзамдарынын туура пайдаланылышына таандык жана укук колдонуу чөйрөсүнө тийешелүү. Ошондой эле, талашылып жаткан ченем адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү жана оорлотуучу мыйзам жобосу катары өткөн мезгилге карата колдонууга алып келип жатат деген пикири жазык мыйзамын туура эмес түшүнүүнүн кесепетинен келип чыккан. Анткени Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 6-беренесинде камтылган адилеттүүлүк принцибине ылайык эч ким бир эле кылмыш үчүн кайрадан жазык жоопкерчилигине тартылуусуна жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 4-июлундагы № 31 аныктамасын жокко чыгарууга негиз тапкан жок. Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Дуйшенбек Текшербекович Зилалиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Дуйшенбек Текшербекович Зилалиевдин ѳтүнүчүн өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» 2019-жылдын 4-июлундагы № 31 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 25-июну, № 35-Р "жаран Таалайбек Джапарович Саатовдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза…Решение · 25.06.2014 · № № 35-р
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон