# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 417 "Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын каттоонун, сактоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 417 "Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын каттоонун, сактоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 417
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97699>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18228/edition/748191/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97699.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 417 "Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын каттоонун, сактоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (25.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97699

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 25-июну № 417 Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын каттоонун, сактоонун тартибин бекитүү жөнүндө Дарактардын өзгөчө баалуу породаларын сактоо максатында жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын каттоонун, сактоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 "Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибинин 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
