# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 "Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 "Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 410
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97693>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18226/edition/748179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97693.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 "Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому (25.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97693

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 237 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2015-жылдын 24-июну № 410

Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө

"Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Балыктарды климатташтыруу, коё берүү жана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүн балыктандыруу боюнча иштерди жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Аквакультураны, балык уулоону өнүктүрүү жана товардык көлмө балык чарбаларын уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүн пайдалануу тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо эрежелери 3-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын табигый көлмөлөрүнө жана суу сактагычтарына коё берилүүчү балык өстүрүү продукцияларын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 3-июлунда № 61 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Т.Сариев
