# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 408 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 408 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 408
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97691>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18224/edition/887635/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97691.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 408 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтому (29.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97691

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 24-июну № 408 Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык) Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 498 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 498 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 498 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

жогорудагы аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 27-пункту төмөнкүдөй редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул калктын эмгек акысына жана башка социалдык төлөөлөргө кошумча төлөөнүн райондук коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жашаган үй-бүлөлөргө, эгерде үй-бүлөнүн жан башына жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу кирешенин өлчөмүнөн ашпаган шарттарда чектелет.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 37-1-пункт менен толукталсын:

"37-1. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул калктын эмгек акысына жана башка социалдык төлөөлөргө кошумча төлөөнүн райондук коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жашаган үй-бүлөлөргө төмөнкү өлчөмдөрдө чектелет:

- он алты жашка чейинки балдарга жөлөкпул (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучуларына - алар окууларын бүткөнгө чейин, бирок 18 жашка чейинки куракка жеткенге чейин гана) - райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу киреше менен үй-бүлөнүн жан башына алгандагы жыйынды кирешесинин ортосундагы айырманын өлчөмүндө;

- бала төрөлгөндө бир жолку берилүүчү жөлөкпул - райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу кирешенин 300 пайыз өлчөмүндө;

- эгиздерге жөлөкпул - алардын ар бири үч жашка жеткичекти райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу кирешенин 100 пайыз өлчөмүндө;

- үч жана андан көп эм төрөлгөндөгү жөлөкпул - алардын ар бири он алты жашка жеткичекти райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу кирешенин 150 пайыз өлчөмүндө;

- 3 жашка чейинки курактагы балдарга жөлөкпул - райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу кирешенин 100 пайыз өлчөмүндө;

- баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттерине алар он сегиз жашка жеткенге чейинки жөлөкпул - райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу киреше менен үй-бүлөнүн жан башына алгандагы жыйынды кирешесинин ортосундагы айырманын өлчөмүндө.";

- расмий тилдеги текстинин 58-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"58. В случаях обращения за назначением ежемесячного социального пособия по истечении 6 месяцев со дня возникновения на него права (за пособием на детей-сирот и детей, потерявшим кормильца, - по истечении 12 месяцев), ежемесячное социальное пособие назначается с первого числа месяца, следующего за месяцем, в котором произошло обращение за ежемесячным социальным пособием, если все необходимые документы были представлены в течение двух месяцев с момента обращения.".

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

8. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
