# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 388 "Алматы шаарында 2013-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 388 "Алматы шаарында 2013-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 388
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97687>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18221/edition/1137292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97687.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 388 "Алматы шаарында 2013-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (22.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97687

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 22-июну № 388 "Алматы шаарында 2013-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- "Алматы шаарында 2013-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Алматы шаарында 2013-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Алматы шаарында 2013-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене. "Алматы шаарында 2013-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы болуп аныкталсын.

3-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун депозитарийине анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу билдирсин.

4-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
