# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 381 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 381 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 381
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97686>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18220/edition/1096221/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97686.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 381 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (06.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97686

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 19-июну № 381 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык) "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын сертификаттоо борбору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору болуп аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын сертификаттоо борбору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борборуна;";

- 4-пункттун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору жөнүндө, 14-тиркемеге ылайык."; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын сертификаттоо борбору жөнүндө жободо:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору жөнүндө жобо";

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын сертификаттоо жана ветеринариялык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо боюнча функцияларды ишке ашыруучу ведомстволук бөлүнүшү болуп саналат.";

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Борбордун расмий аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору";

- расмий тилде "Центр по регистрации и сертификации ветеринарных лекарственных средств, кормов и кормовых добавок Министерства сельского хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики".";

- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Борбордун ишинин максаты ветеринариялык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.";

- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүнү, экспорттоону жана импорттоону мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу;

- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын сертификаттоо, каттоо жана алардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү.";

- 8-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо, сертификаттоо жана алардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;";

- 9-пунктта:

үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын мамлекеттик каттоону, сертификаттоону ишке ашырат жана алардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;"; төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан ветеринариялык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын өндүрүлүшүнүн, даярдалышынын, сакталышынын, дүң жана чекене сатылышынын шайкештигине баалоо жүргүзөт.";

- 10-пунктта:

экинчи-төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын көзөмөлдөө компетенциясына кирген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- рекламацияларды карайт, маалыматтарды чогултат жана ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын колдонуунун жана алардын өз ара аракеттенүүсүнүн өзгөчөлүктөрүнүн натыйжасындагы терс таасирлерге талдоо жүргүзөт жана корутунду берет;

- жаныбарлар үчүн ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүргөн ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин эсебин жүргүзөт;";

бешинчи абзац "препараттардын" деген сөздөн кийин ", тоюттардын жана тоют кошулмаларынын" деген сөздөр менен толукталсын;

- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11. Кызмат көрсөтүү функциясы:

- Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү ветеринариялык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын сапатына, коопсуздугуна, натыйжалуулугуна, алардын стандарттардын, техникалык регламенттердин, ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келишине экспертиза жүргүзөт, буга наркотикалык каражаттар, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору кирбейт;

- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошумчаларын мамлекеттик каттоону жана сертификаттоону жүргүзөт, буга наркотикалык каражаттар, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору кирбейт;

- белгиленген тартипте акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды көрсөтөт.";

- 12-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары "дары-дармек каражаттарын" деген сөздөрдөн кийин ", тоюттарды жана тоют кошулмаларын" деген сөздөр менен толукталсын";

- 16-пунктта:

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- ветеринариялык дары-дармек каражаттарына, тоюттарга жана тоют кошулмаларына сертификаттарга жана ветеринариялык дары-дармек каражаттарына жана тоют кошулмаларына каттоо күбөлүктөрүнө кол коёт;";

- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- жүктөлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде финансылык жана банк документтерине кол коюуга укуктуу."; (45-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
