# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 371
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97685>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18219/edition/1040457/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97685.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (19.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97685

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 17-июну № 371 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-сентябрындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын облустар боюнча башкармалыктарын түзүүнүн алкагында чек ара бөлүнүштөрүнүн аталыштарын иретке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Нарын чек ара отрядына Тайлак-Баатырдын ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталышындагы жана 1-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Нарын чек ара отряды" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Мамлекеттик чек ара кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-августундагы № 522 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Нарын чегара отрядынын "Кароол-Дөбө" чегара заставасына кыргыз элинин улуттук баатыры Ажибек баатырдын атын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Нарын чегара отрядынын" деген сөздөр "Мамлекеттик чек ара кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-февралындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй чегара отрядынын "Кант" чегара заставасына Манзус Ванахундун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй чек ара отрядынын" деген сөздөр "Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Тайлак баатыр атындагы чегара отрядынын "Кынды" чегара заставасына Советтер Союзунун Баатыры Анварбек Чортековдун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Тайлак баатыр атындагы чегара отрядынын" деген сөздөр "Мамлекеттик чек ара кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-октябрындагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй чегара отрядынын 2026-аскер бөлүгүнүн "Токмок" чегара заставасына Жаманкул Женчураевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй чек ара отрядынын" деген сөздөр "Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл чегара отрядынын "Карасай" чегара заставасына генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл чегара отрядынын" деген сөздөр "Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Тайлак-Баатыр атындагы Нарын чек ара отрядынын "Торугарт" чек ара тозотуна лейтенант Дүйшөналиев Канат Өмүрбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Тайлак-Баатыр атындагы Нарын чек ара отрядынын" деген сөздөр "Мамлекеттик чек ара кызматынын Тайлак баатыр атындагы Нарын облусу боюнча башкармалыгынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-июнундагы № 356 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл чек ара отрядына Байсары уулу Кыдыр акенин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл чек ара отрядына" деген сөздөр "Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

9. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-сентябрындагы № 8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
