# Постановление Правительства КР от 25 июня 2015 года № 411 "О повышении страховых частей пенсий с 1 сентября 2015 года"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 411
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97680>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18214/edition/748157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97680.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 25 июня 2015 года № 411 "О повышении страховых частей пенсий с 1 сентября 2015 года" (25.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97680

---

КЫРГЫЗ РЕСПУЬЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 25-июну № 411 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө Пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары колдоо максатында, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдын 1-сентябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып 500 сомго жогорулатылсын:

- эсептелген жалпы камсыздандыруу стажы: эркектер үчүн - 40 жыл жана андан жогору, аялдар үчүн - 35 жыл жана андан жогору болгон адамдарга;

- 1-топтогу майыптарга.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган адамдардын пенсияларынан сырткары 2015-жылдын 1-сентябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып 250 сомго жогорулатылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялардын өз убагында кайра эсептелишин жана алардын жаңы өлчөмдөрдө төлөнүшүн камсыз кылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
