# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 407 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 407 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 407
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97679>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18213/edition/748155/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97679.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 407 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (24.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97679

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 24-июну № 407 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 10-январындагы № 7 "Кыргыз архитектура, айылдык калктуу пункттарды пландоо жана куруу боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтун (КыргызархдолбоорИИИ) уюштуруу жөнүндө" токтому;

- Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 26-апрелиндеги № 179 "Кыргыз архитектура, айылдык калктуу пункттарды пландоо жана куруу боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунун (КыргызархдолбоорИИИ) уставын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 16-апрелиндеги № 156 "Кыргыз архитектура, айылдык калктуу пункттарды пландоо жана куруу боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтун (КыргызархдолбоорИИИ) уюштуруу жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 10-январындагы № 7 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 27-декабрындагы № 882 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Соттук администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 1-ноябрындагы Указын аткаруунун жүрүшү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июнундагы № 229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-сентябрындагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Байкоо комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 21-апрелиндеги № 228 "Лицензиялоого тийиш болгон ишкерликтин негизги түрлөрүнө карата сублицензиялоого тыюу салуу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Көзөмөл комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 6-августундагы № 411 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-декабрындагы № 848 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Экология жана жаратылышты пайдалануу департаменти жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-апрелиндеги № 221 "Аба кемелерин "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" акционердик коомунун балансынан Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Авиация департаментинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-январындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Экология жана жаратылышты пайдалануу департаменти жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-декабрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу башкы башкармалыгы жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтому.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
