# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 380 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 380 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 380
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97667>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18203/edition/748515/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97667.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 380 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97667

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 19-июну № 380 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 4 жана 201-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке адамдардын товарларды жана автотранспортту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүүсү жөнүндө нускаманын № 4 тиркемесинде:

- 4.1-таблица "2014-ж." деген цифралардан жана тамгадан кийин "\*\*\*" белгилери менен толукталсын;

- 4.2-таблицага эскертүүнүн 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"(\*\*\*) - бажы алымдарынын жана салыктардын көрсөтүлгөн бирдиктүү ставкалары 2015-жылдын 1-январына чейин бажы чек арасы аркылуу ташып келинген, бирок 2015-жылдын 1-январына чейин бажылык тариздөөдөн өтпөгөн жана эркин пайдаланууга 2015-жылдын 1-январынан кийин киргизилген автотранспорт каражаттары үчүн дагы колдонулат. Мында бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкаларын эсептөө максатында мындай автотранспорт каражаттарынын чыгарылган жылы болуп бажы чек арасы аркылуу ташып өтүү учурундагы чыгарылган жылы эсептелет.";

- 4.3-таблицадагы "жарым чиркегичтер" деген сөздөрдөй кийинки "(\*\*\*)" белгилери "(\*\*\*\*)" белгилери менен алмаштырылсын;

- 4.4-таблицага эскертүүдөгү "(\*\*\*)" белгилери "(\*\*\*\*)" белгилери менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтом күчүнө киргенден кийин жыйырма календардык күндүн ичинде ушул токтомдун 1-пунктунда аталган киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөөнү жүргүзсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 20-июнунан тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
