Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосунда 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу, Арал-Казарман участогу (195-291 км) долбоорун каржылоо боюнча макулдашууларды ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 22-июну № 387 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосунда 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу, Арал-Казарман участогу (195-291 км) долбоорун каржылоо боюнча макулдашууларды ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосунда 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу, Арал - Казарман участогу (195-291 км) долбоорун каржылоо боюнча макулдашууларды ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Кытайдын Кыргызстанга жеңилдетилген кредит берүүсү жөнүндөгү алкактык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу;
- Заемщик катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кредитор катары чыгуучу Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосунда 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу, Арал - Казарман участогу (195-291 км) долбоору боюнча карыз алуу жөнүндө Өкмөттүк концессиялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу;
- Заемщик катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кредитор катары чыгуучу Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосунда 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу, Арал - Казарман участогу (195-291 км) долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри ушул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосунда 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу, Арал-Казарман участогу (195-291 км) долбоорун каржылоо боюнча макулдашууларды ратификациялоо тууралуу
1-берене. Төмөнкүлөр ратификациялансын:
- Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Кытайдын Кыргызстанга жеңилдетилген кредит берүүсү жөнүндөгү алкактык макулдашуу;
- Заемщик катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кредитор катары чыгуучу Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу, Арал - Казарман участогу (195-291 км) долбоору боюнча карыз алуу жөнүндө Өкмөттүк концессиялык макулдашуу;
- Заемщик катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кредитор катары чыгуучу Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосунда 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу, Арал - Казарман участогу (195-291 км) долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашуу.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кытай тарапка Кыргыз Республикасы жогоруда аталган алкактык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кытай тарапка Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Өкмөттүк концессиялык макулдашуунун жана Жеңилдетилген кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
4-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5360-V "2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 26.06.2015 · № 5360-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5358-V "2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 26.06.2015 · № 5358-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5359-V "2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 26.06.2015 · № 5359-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү…Закон · 08.07.2015 · № 150
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон