# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 383
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97655>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18193/edition/880867/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97655.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97655

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 19-июну № 383 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселелери боюнча иштерине өбөлгө түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренесине, "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуладагы "43" деген цифралар "63" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (финансылык полиция)" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "атайын" деген сөз алып салынсын;

- 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- кылмыштык иштер боюнча, анын ичинде мамлекетке материалдык зыян келтирүүгө байланыштуу кылмыштык иштер боюнча (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-статьясында каралган кылмыштардан, ошондой эле бюджеттик мекемелердеги зыяндын ордун толтуруудан, социалдык которуулардан, мамлекеттин үлүшү 51 пайыздан ашык болгон чарбакер субъекттерге тиешелүү кылмыштардан башкалары боюнча) тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрүнүн (прокурорлордун) токтомдорунун негизинде, прокурордун укуктук актылары боюнча, тийиштүү укук коргоо органдарынын иштеринин жыйынтыгында соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде түшкөн каражаттар болуп эсептелет жана тийиштүү бюджеттин киреше жана сарптоо бөлүктөрүндө чагылдырылат;";

- 3-пунктунун экинчи абзацындагы "атайын" деген сөз алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
