Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 19-июну № 379 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын,
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу 1-берене. "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1998-жылдын 30-декабры, № 211-212) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке идентификациялык номер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурлардан сырткары, бул адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер.".
2. 2-1-статьяда "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 6-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ар бир камсыздандырылган адамга Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган жеке идентификациялык номери менен жекече камсыздандыруу эсебин ачат.".
4. 7-статьяда:
1) төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Социалдык жактан коргоонун жаңы күбөлүгүн берүү жеке идентификациялык номерин өзгөртпөстөн жүргүзүлөт.";
2) жетинчи абзацтагы "жаңы күбөлүк" деген сөздөр "аталган күбөлүктүн дубликатын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5366-V "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке…Постановление · 26.06.2015 · № 5366-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5423-V "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке…Постановление · 29.06.2015 · № 5423-V
- 2015-жылдын 29-июну № 5424-V "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 29.06.2015 · № 5424-V
Шилтеме берет (4)
- Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 154
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Закон · 04.08.2015 · № 216
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон