# О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об образовании Комиссии по оптимизации системы государственного управления Кыргызской Республики

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 378
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97651>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18190/edition/852935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97651.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об образовании Комиссии по оптимизации системы государственного управления Кыргызской Республики (11.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97651

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 663 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 19-июну № 378 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссияга жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктундагы "Тиркемеге ылайык курамда" деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия жөнүндө жобонун 6-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Премьер-министри" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Т. Сариев
