# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 370 "Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Евразия экономикалык союзунун алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 370 "Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Евразия экономикалык союзунун алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 370
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97644>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18185/edition/748709/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97644.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 370 "Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Евразия экономикалык союзунун алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (17.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97644

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 17-июну № 370 "Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Евразия экономикалык союзунун алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- "Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Евразия экономикалык союзунун алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Евразия экономикалык союзунун алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Евразия экономикалык союзунун алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу

1-берене. Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Евразия экономикалык союзунун алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасы кошулсун.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын аталган Макулдашууга кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Евразия экономикалык комиссиясына депонирлесин.

3-берене.

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып, бирок 2016-жылдын 1-январынан эрте эмес күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
