# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 369
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97643>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18184/edition/665663/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (30.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97643

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-июну № 369 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)

Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- бүткүл тексти боюнча "үй-интернаттардын", "үй-интернаттарынын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "социалдык стационардык мекемелердин" жана "социалдык стационардык мекемелеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган токтомдун 3-7-тиркемелеринде:

аталыштарында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "үй-интернаттар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "социалдык стационардык мекемелер" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

1-тиркеме

"1-тиркеме Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин, балдардын, чоң кишилердин психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелеринин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлорунун кызматкерлеринин БАЗАЛЫК МАЯНАЛАРЫ

№

Кызмат орундарынын аталыштары

Базалык маяналар (сом)

Тейленүүчүлөрдүн саны

50 адамга чейин

50дөн 100 адамга чейин

100дөн 200 адамга чейин

200 адамдан ашык

1

Жетекчилер (директор)

7950

8400

8850

9450

2

Директордун орун басары

6000

6450

6900

7500

3

Башкы бухгалтер

6000

6450

6900

7500

3.1

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборлорунун бөлүмчөсүнүн башчысы

8250

8250

8250

8250

3.2

Юрист

7500

7500

7500

7500

3.3

Социалдык иш боюнча адис

7500

7500

7500

7500

4

Врачтык персонал

7500

7500

7500

7500

4.1

Педагогикалык персонал

7500

7500

7500

7500

5

Орто медициналык персонал

6450

6450

6450

6450

6

Башка персонал(\*) (администрациялык-башкаруучу)

5100

5550

6000

6450

Эскертүү: Квалификациялык категория үчүн үстөк акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

- жогорку квалификациялык категория - 50 пайыз:

- I квалификациялык категория - 30 пайыз;

- II квалификациялык категория - 10 пайыз;

(\*) Башка персоналга төмөнкүлөр кирет: бухгалтер, чарба башчысы, кампа башчысы, китепканачы, эмгек боюнча инструктор, кадрлар бөлүмүнүн улук инструктору.

2-тиркеме

"1-тиркеме Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык тейлөөчү персоналдын КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3-тиркеме

"2-тиркеме Социалдык чөйрөдө иштеген кенже тейлөөчү персоналдын КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
