# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 368 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 368 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 368
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97641>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18183/edition/1235850/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97641.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 368 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө" токтому (17.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97641

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-июну № 368 Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимдин 53-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)

4. (КР Өкмөтүнүн 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
