Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 апреля 2025 года № 238 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 16-июну № 367 Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515, 2019-жылдын 16-январындагы № 10 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун механизмдерин алдын ала иштеп чыгуу жана технологияларын сыноо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-апрелиндеги № 256 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын токой секторунун абалын изилдеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн;
- токой тармагын реформалоонун негизги багыттарын иштеп чыгуу процессиндеги өз ара аракеттенүү жана анын ачыктыгын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Консультациялык-координациялык кеңешти уюштурсун;
- эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын тизмегин алардын ишин изилдөө жана токойлорду башкаруунун жаңы ыкмаларын сыноо аркылуу токой секторун реформалоонун негизги багыттарын иштеп чыгуу үчүн аныктасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча:
2016-жылдын 20-февралына чейин токой тармагындагы учурдагы кырдаалдын анализин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин; 2021-жылдын 30-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун маселелери боюнча сунуштарды берсин;
- эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларын финансылоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине тиешелүү жылдык республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык) 3-1. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине сыйлыктын өлчөмүн эсептөөнүн жана дем берүү фондун түзүүнүн убактылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитилсин. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 23-июнунда N 58 жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Т.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- "Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине сыйлыктын өлчөмүн эсептөөнүн жана дем берүү фондун түзүүнүн" УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 15.06.2016 · № 367
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2025 · № 238
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 367 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп…Положение · 16.06.2015 · № 367 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы N 367 токтому менен бекитилген "Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине сыйлыктын өлчөмүн эсептөөнүн…Порядок · 16.06.2015 · № 367 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын токой секторун…Постановление · 16.01.2019 · № 10 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2016 · № 515 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2025 · № 238
- Постановление Правительства КР от 14 апреля 2004 года № 256 "Об утверждении Концепции развития лесной отрасли в Кыргызской Республике"Постановление · 14.04.2004 · № 256 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 201 "Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы…Постановление · 07.04.2015 · № 201 · Күчүн жоготкон