Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Исламабад шаарында 1995-жылдын 15-мартында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жѳнγндѳ макулдашуунун беренелерин ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 15-июну № 361 «Исламабад шаарында 1995-жылдын 15-мартында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жѳнγндѳ макулдашуунун беренелерин ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жѳнγндѳ”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттин ички жол-жоболорун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- «Исламабад шаарында 1995-жылдын 15-мартында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жѳнγндѳ макулдашуунун беренелерин ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Исламабад шаарында 1995-жылдын 15-мартында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жѳнγндѳ макулдашуунун беренелерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Исламабад шаарында 1995-жылдын 15-мартында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жѳнγндѳ макулдашуунун беренелерин ратификациялоо тууралуу
1-берене Исламабад шаарында 1995-жылдын 15-мартында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жѳнγндѳ макулдашуунун беренелери ратификациялансын.
2-берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкына ратификациялоо жѳнγндѳ грамотаны депонирлесин.
3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн он кγн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5350-V "1995-жылдын 15-мартында Исламабад шаарында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы…Постановление · 26.06.2015 · № 5350-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5350-V "1995-жылдын 15-мартында Исламабад шаарында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы…Постановление · 26.06.2015 · № 5350-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5348-V "1995-жылдын 15-мартында Исламабад шаарында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы…Постановление · 26.06.2015 · № 5348-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5349-V "1995-жылдын 15-мартында Исламабад шаарында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы…Постановление · 26.06.2015 · № 5349-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 1995-жылдын 15-мартында Исламабад шаарында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жөнүндө макулдашуунун беренелерин ратификациялоо тууралууЗакон · 20.07.2015 · № 175
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон