# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 357
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97633>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18175/edition/748137/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97633.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (15.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97633

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 15-июну № 357 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө", "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" жана "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинин 2-таблицасында:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

2

Муниципалдык ишкана

МИ

";

- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

16

Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиги

ТМШ

";

- 21-пунктунда:

"Мамлекеттик эмес" деген сөздөр "Топтолмо" деген сөз менен алмаштырылсын; мамлекеттик тилдеги текстинде "МПФ" деген аббревиатура "ТПФ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 29-31-пункттар менен толукталсын:

"

29

Жамаат

Ж-т

30

Ссуда-аманат турак жай-курулуш кассасы

САК

31

Адвокатура

А-а

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
