Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 „Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселеси жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 15-июну № 357 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө", "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" жана "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинин 2-таблицасында:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2
Муниципалдык ишкана
МИ
";
- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
16
Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиги
ТМШ
";
- 21-пунктунда:
"Мамлекеттик эмес" деген сөздөр "Топтолмо" деген сөз менен алмаштырылсын; мамлекеттик тилдеги текстинде "МПФ" деген аббревиатура "ТПФ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 29-31-пункттар менен толукталсын:
"
29
Жамаат
Ж-т
30
Ссуда-аманат турак жай-курулуш кассасы
САК
31
Адвокатура
А-а
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы №31 "Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү" тартибиПорядок · 28.01.2011 · № 31 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы №31 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселеси жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2011 · № 31 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 135
- Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндөЗакон · 09.07.2013 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндөЗакон · 11.12.2013 · № 216
- Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндөЗакон · 21.02.2005 · № 36