# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июнундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Ырыс айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июнундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Ырыс айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 351
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97630>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18172/edition/748131/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97630.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июнундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Ырыс айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому (10.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97630

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 10-июну № 351 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Ырыс айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кыр-Жол айылында 2015-жылдын 24-майында болгон жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тарткан адамдарды жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы № 79 токтомун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Ырыс айыл аймагында жайгашкан 1,1 га сугат айдоо жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу бөлүштүрүүнү.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
