# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 359 "Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор менен камсыздоо маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 359 "Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор менен камсыздоо маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 359
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97618>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18162/edition/794246/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97618.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 359 "Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор менен камсыздоо маселелери жөнүндө" токтому (21.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97618

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 15-июну № 359 Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор менен камсыздоо маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторун берүү жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, "Жарандык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, паспортун тариздөө, берүү, эсепке алуу, даярдоо жана жалпы жарандык паспортун жекелештирүү тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, паспортун жолжоболоштуруу, берүү, эсепке алуу, даярдоо жана жалпы жарандык паспортун жекелештирүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
