# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июну № 337 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июну № 337 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 337
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97617>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18161/edition/968539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97617.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июну № 337 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (03.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97617

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 2-июну № 337 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Тоо-кен секторунун кирешесин арттыруу максатында, ошондой эле сурьманы иштетүүгө суроо-талаптын туруктуулугун эске алуу менен, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги кендердин тизмесинин 10-пункту "Терек" деген сөздөн кийин "(17-блоктон башка)" деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
