# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 336
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97616>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18160/edition/1196565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97616.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (02.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97616

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18ноября № 641 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 2-июну № 336 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Эл аралык соттордо мамлекеттин кызыкчылыктарын өз убагында, толук жана сапаттуу коргоо менен Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- токтомдун преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";

- 2-пункт "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору," деген сөздөр менен толукталсын, "акционердик коомдун жана кызматтын" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун" деген сөздөр менен толукталсын;

- 4-пункт "министрликтердин" деген сөздөрдөн кийин ", комитеттин, акционердик коомдун, кызматтын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого, улуттук маалыматтык ресурстарды коргоо жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибинде:

төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: "2-1. Эл аралык арбитраждарда жана чет өлкөлөрдүн сотторунда мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоодо улуттук коопсуздукту камсыздоонун алкагында ишке ашырылуучу мамлекеттик сатып алууларга эл аралык арбитраждарга жана чет өлкөлөрдүн сотторуна эксперттик корутундуларды, ошондой эле соттук же арбитраждык талаштардын же башка түрдө тиешелүү соттук же арбитраждык өндүрүштүн предметине кирген маселелер боюнча башка кесиптик кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттин кызыкчылыгын өз убагында, толук жана сапаттуу коргоону жана мамлекеттин бардык активдерин башка тараптын менчигине мажбурлап чегерүүдөн коргоого мүмкүндүк берүүчү соттук чечимдерди алуу максатында даярдоо жана берүү үчүн жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар кирет."; 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Жогоруда аталган принциптер төмөнкүдөй учурларда колдонулат:

- өзгөчө кырдаалдарда: жаратылыш кырсыктарынын, авариялардын, кыйроолордун кесепеттерин жоюуда куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди, ошондой эле биринчи кезектеги коргоочу жана авариялык калыбына келтирүү иштерин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан түздөн-түз жүргүзүү менен байланышкан сатып алууларда;

- эл аралык соттордо мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо улуттук коопсуздукту камсыздоо менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алууларды жүргүзүүдө.";

5-пункт "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору," деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
