Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү» долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017895 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда 2015-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 29-майы № 335 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017895 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда 2015-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекеттин ички жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017895 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда 2015-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017895 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда 2015-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы (макулдашуу боюнча) ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017895 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда 2015-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017895 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда 2015-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк Банкка) аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017895 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда 2015-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда Бишкек шаарында 2015-жылдын 23-апрелинде кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017895 грантын берүү жөнүндө Гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарынын ченемдерине жалпысынан шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Гранттык Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети жана Эл аралык иштер боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 167-б буйругу менен жактырылган.
2. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда Бишкек шаарында 2015-жылдын 23-апрелинде кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017895 грантын берүү жөнүндө Гранттык макулдашуунун мүмкүн болуучу финансылык-экономикалык жана башка натыйжалары жөнүндө маселе боюнча.
Жогоруда аталган "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү" долбоорунун алкагындагы Гранттык макулдашуунун максаты институттук потенциалды андан ары күчтөндүрүү жана мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун, отчеттуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуучу аудит методикасын өркүндөтүү аркылуу мамлекеттик сектордун тышкы аудитинин кесиптик функцияларын өнүктүрүү болуп эсептелет. Каралып жаткан Макулдашуунун алкагындагы каражаттар гранттык каражат түрүндө берилээрин эске алганда, аны андан аркы ишке ашыруу республикалык бюджетке оордук келтирбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 17-июнундагы № 5213-V "2015-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү" долбоорун ишке…Постановление · 17.06.2015 · № 5213-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 17-июнундагы № 5214-V "2015-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү" долбоорун ишке…Постановление · 17.06.2015 · № 5214-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 17-июнундагы № 5215-V "2015-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү" долбоорун ишке…Постановление · 17.06.2015 · № 5215-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 167-б (Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017895 грантын берүү жөнүндө Кыргыз…Распоряжение · 21.04.2015 · № 167-р
- 2015-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кыргыз Республикасынын Эсептөө…Закон · 14.07.2015 · № 164
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон