# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-майындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-майындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 297
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97607>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18151/edition/748095/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97607.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-майындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97607

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 15-майы № 297 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен төмөнкүлөр кайра сурап алынсын:

- "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- "Тегеран шаарында 2003-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жана Бишкек шаарында 2008-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду аткаруу протоколун денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-сентябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 655 "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы № 495 "Тегеран шаарында 2003-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жана Бишкек шаарында 2008-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду аткаруу протоколун денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы № 502 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
