# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 328
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97597>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18146/edition/728714/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97597.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97597

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-майы № 328 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-октябрындагы № 720 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын айыл башчылары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл башчысы жөнүндө типтүү жободо:

- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандагы "айылдык округ" жана "айыл округунун башчысы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандагы "айылдык аймак" жана "айыл өкмөттүн башчысы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- II бөлүмдүн 2.5-пунктундагы "аткаруучу-тескөөчү органы" деген сөздөр "аткаруучу органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 10-июлундагы № 317 "Кыргыз Республикасынын шаарларында, шаар тибиндеги поселокторунда жана айылдык элдүү пункттарында берүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
