# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 308
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97586>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18137/edition/1160101/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97586.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (22.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97586

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 20-майы № 308 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Калктын тамеки буюмдарын керектөөсүн азайтууга көмөктөшүүчү шарттарды түзүү, ошондой эле республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пункттун он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункттагы "2016-жылдын 1-январынан" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын 1-июнунан" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пункттагы "2017-жылдын 1-январынан" деген цифралар жана сөздөр "2016-жылдын 1-июнунан" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
