Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2015-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана агынды сууларды чыгаруунун лимитин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-12-23.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 2-марты № 87 2015-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана агынды сууларды чыгаруунун лимитин бекитүү жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-декабры № 871 токтомдун редакциясына ылайык) Электр жана жылуулук энергиясын, жаратылыш газын керектөөнүн негизсиз өсүшүнө жол бербөө, бюджеттик мекемелерге жана уюмдарга электр жана жылуулук энергиясына, жаратылыш газына, сууга акы төлөөгө бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызмат көрсөтүүнүн ушул түрлөрү боюнча жабдуучулар менен контракттарды түзгөн бюджеттик уюмдар үчүн 2015-жылга электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана агынды сууларды чыгаруунун лимити тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдар бир жумалык мөөнөттө:
- ушул токтом менен белгиленген электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана агынды сууларды чыгаруунун жылдык лимитин ведомстволук бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүшсүн;
- электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимитин белгиленген тартипте ведомстволук мекемелерге кабарлашсын;
- белгиленген лимитти көргөзүү менен ведомстволук мекемелердин толук тизмегин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана тиешелүү электр, жылуулук, газ менен камсыз кылуу ишканаларына, ошондой эле "Бишкек суу каналы" өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасына беришсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул токтомдун 2-пунктунда аныкталган мөөнөттө жана тартипте электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана агынды сууларды чыгаруунун лимитин бөлүштүрсүн жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдарга кабарлашсын.
4. Бюджеттик уюмдар:
- электр жана жылуулук энергиясын жана газды, сууну керектөөнүн жана агынды сууларды чыгаруунун белгиленген лимитин милдеттүү түрдө сакташсын;
- бюджеттик эмес керектөөчүлөрдүн энергия тутумуна кошулуу жана бюджеттик эмес уюмдардын жылуулук жана электр энергиясы боюнча чыгымдарын бюджеттик каражаттардын эсебинен жоюу фактыларына жол беришпесин.
5. Ушул токтомдун 2, 3 жана 4-пункттарында каралган ченемдерди бузуулар үчүн тийиштүү органдардын жана уюмдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.
6. Бюджеттик уюмдарды электр, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы жана суу менен жабдууну камсыз кылуучу электр, жылуулук, газ менен жабдуучу ишканаларга, "Бишкек суу каналы" өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасына төмөнкүлөр сунушталсын:
- министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка мамлекеттик органдар тарабынан берилген ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн, уюмдардын жана мекемелердин тизмектеринин негизинде электр, жылуулук энергиясынын, газдын, суунун иш жүзүндө керектелүүсү жөнүндө отчетторду түзүү үчүн ведомстволук таандыктыгына ылайык бюджеттик керектөөчүлөрдүн тизмесин белгиленген тартипте жаңылоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте белгиленген лимиттен ашып кеткен учурда электр, жылуулук, газ, суу менен жабдууда чектөөлөрдү киргизүү.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 289 "2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана агынды сууларды чыгаруунун лимитин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Ушул токтом 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
9. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Тиркеме Кызмат көрсөтүүнүн ушул түрлөрү боюнча жабдуучулар менен контракттарды түзгөн бюджеттик уюмдар үчүн 2015-жылга электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана агынды сууларды чыгаруунун ЛИМИТИ (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-декабры № 871 токтомдун редакциясына ылайык) Юстиция Министрилигинин архивинде сакталат
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 14 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (14)
- Таш-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-мартындагы № 02 "Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын аткарылышын, 2017-жылга…Постановление · 18.03.2017 · № 02
- Ленин айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 15-февралындагы № 1 "Айылдык Кеңештин жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-жылга аткарылышын бекитүү жана 2017-жылга кабыл…Постановление · 15.02.2017 · № 1
- Ленин айылдык кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 2 "Айылдык Кеңештин жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылга аткарылышын бекитүү жана 2016-жылга кабыл…Постановление · 12.02.2016 · № 2
- Таш-Булак Айылдык кенешинин 2017-жылдын 01-декабрындагы № 01 "Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин божомол долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.12.2017 · № 01
- ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН 2017-жылдын 01-декабрындагы № 01 "Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин божомол долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.12.2017 · № 01
- Ленин айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №3 "Айылдык Кеңештин жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2018-жылга долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.12.2017 · № 3
- Таш-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 01-декабрындагы № 01 "Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин божомол долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.12.2017 · № 01
- Таш-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы №01 "Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.12.2017 · № 01
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 289 "2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана…Постановление · 27.05.2013 · № 289 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 25 мая 2015 года № 319 "О подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2015/2016 года"Постановление · 25.05.2015 · № 319 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 23 декабрындагы № 871 токтомуПостановление · 23.12.2015 · № 871
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 871 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 87 “2015-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр…Постановление · 23.12.2015 · № 871 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 289 "2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана…Постановление · 27.05.2013 · № 289 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.