Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда 2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган, Жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-майы № 326 “Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда 2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган, Жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- “Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда 2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда 2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда 2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган, Жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда 2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзсүн.
3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 17-июнундагы № 5241-V «2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда…Постановление · 17.06.2015 · № 5241-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 17-июнундагы № 5242-V «2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда…Постановление · 17.06.2015 · № 5242-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 17-июнундагы № 5243-V «2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда…Постановление · 17.06.2015 · № 5243-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара укуктук…Закон · 20.07.2015 · № 172
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон