Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге 2015-жылга үлүштүк төгүмдөрдү төлөө жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-04-06.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 25-майы № 320 Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге 2015-жылга үлүштүк төгүмдөрдү төлөө жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-августу № 586, 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 176 токтомдоруунун редакциясына ылайык) Эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, бюджеттик каржылоонун чектелгендигин эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрү төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-августу № 586 токтомдун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2015-жылга республикалык бюджеттин каражатынан ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген тизмеге кирген Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү төлөсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
3-1. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары ушул токтом менен бекитилген киргизилбеген эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк төгүмдөрдү аларга бөлүнгөн бюджеттик каражаттын чегинде же атайын каражаттардын эсебинен төлөө мүмкүнчүлүгүн караштырышсын. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-августу № 586 токтомдун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Тиркеме 2015-жылга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрү биринчи кезекте төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин ТИЗМЕГИ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 176 токтомунун редакциясына ылайык)
Уюмдардын аталышы
2015-жылга бюджеттен каралган (сом)
1
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бирдиктүү бюджети
7577944,53
2
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
5164174,91
3
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Аба чабуулунан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитет
1574205,01
4
Жамааттык коопсуздук келишиминин уюму
19531074,97
5
Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу бюджети
7070017,78
6
Бириккен Улуттар уюмунун тынчтык операциялары, эл аралык трибуналдары
13422893,55
7
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму
2568707,60
8
Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы (Венециандык комиссия)
119262,53
9
Шанхай кызматташтык уюмунун секретариаты
22764932,18
10
Шанхай кызматташтык уюмунун региондук террорчулукка каршы түзүмү
13761075,61
11
Экономикалык кызматташтык уюму
1617853,00
12
Түрк маданияты эл аралык уюму
4649995,76
13
Ислам кызматташтык уюму
752681,84
14
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму
2196430,61
15
Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Бириккен Улуттар Уюму
1428009,34
16
Миграция боюнча эл аралык уюм
344784,17
17
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
4296479,64
18
Азия өнүктүрүү банкы
77291598,55
19
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы
890188,00
20
Дүйнөлүк соода уюму
1754320,25
21
Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму
147984,14
22
Ядролук сыноолорго бардык жагынан тыюу салуу жөнүндө келишим боюнча уюм
141487,46
23
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясы
15768060,00
24
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясы
3517778,49
25
Парламенттер аралык союз
652210,58
26
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясы
98645,44
27
Ислам кызматташтык уюмунун парламенттик союзу
0,00
28
Кылмыштуулук полициясынын эл аралык уюму
1037979,50
29
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик
441123,55
30
Баалуу кагаздар боюнча комиссиянын эл аралык уюму
844025,00
31
Дүйнөлүк метеорология уюму
861000,00
32
ДНЯО обзордук конференциясынын даярдоочу комитети
6698,72
33
Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы
29999999,99
34
Интернационалист жоокерлердин иштери боюнча комитет
49606,37
35
Түрк академиясы
0,00
Жыйынтыгы
242343229,07
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 6 апрелиндеги № 176 токтомуПостановление · 06.04.2016 · № 176
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 320 "Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана…Постановление · 19.08.2015 · № 586 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 320 "Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана…Постановление · 06.04.2016 · № 176 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 176
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.