# Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынынын 2019-жылдын 17-апрелиндеги №06-р "Марат Эсентурович Токтоматовдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча" чечими

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынынын 2019-жылдын 17-апрелиндеги №06-р "Марат Эсентурович Токтоматовдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча" чечими
- Актынын түрү: Решение
- Номери: 06-р
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9757>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9757/edition/943860/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9757.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынынын 2019-жылдын 17-апрелиндеги №06-р "Марат Эсентурович Токтоматовдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча" чечими (17.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9757

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ЧЕЧИМИ

Марат Эсентурович Токтоматовдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча 2019-жылдын 17-апрели № 06-р

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы Н.А. Кененсариеванын, кайрылуучу тарап – Марат Эсентурович Токтоматовдун, анын ишеним кат боюнча өкүлү Руслан Асылбекович Тороевдин; жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү Талантбек Ырысбекович Ырысбековдун; башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Айсулуу Жаныбековна Букамбаеванын, Жыргал Нуржановна Мурзалиеванын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Улан Таштемирович Айтбаевдин, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Урмат Шабынович Акулуевдин, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын өкүлдөрү Билим Сардалбекович Райымкуловдун жана Эдуард Анатольевич Линин катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты. Марат Эсентурович Токтоматовдун өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду. «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиядан ажыратылган жаранга лицензия алууга тыюу салууну орноткон 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду. Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Э.Ж. Осконбаевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

Т А П Т Ы:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 19-ноябрында М.Э. Токтоматовдун «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16, 18, 20 жана 42-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө ылайыктуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Өтүнүчтөн келип чыккандай, «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту менен каралган колдонуудагы укуктук жөнгө салуу мурда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиядан ажыратылган жаранга мындай лицензияны кайталап алууга жол бербейт. Аны менен, арыздануучунун пикири боюнча, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан ар ким экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укуктуу деп белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган өз жөндөмдүүлүгүн эркин колдонуу укугун жүзөгө ашыруусу үчүн тоскоолдуктарды жаратууда. Ошондой эле көрсөтүлгөн берененин 3-бөлүгү, арыздануучу айткандай, ар кимдин эркин эмгектенүүгө, эмгекке ѳз жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгектик коргоого жана эмгек шарттарына укуктуу экендигин таанууда. Кайрылуу субъекти, талашылып жаткан ченем жарандын адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензияны кайталап алуу укугун чектөөдөн тышкары, кодулоого тыюу салган жана бардыгынын мыйзам жана сот алдында бирдейлигин кепилдеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин талаптарын бузган кодулоочу жобону өзүндө камтыйт деп белгилейт. Ошентип, тартиптик жосун жасагандыгына байланыштуу укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардагы кызматтан бошотулгандар, ошондой эле жүрүм-туруму кынтыксыз болбогондугуна байланыштуу судья кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандар бошотулган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу укугуна ээ, ал эми мурда адвокаттык иш жүргүзгѳн жана тиешелүү лицензиядан ажыраган адамдар адвокаттык иш жүргүзүү укугунан ѳмүр бою ажыратылууда. Андан тышкары, М.Э. Токтоматов өзүнүн көз карашын негиздөөдө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин жоболоруна шилтеме жасоодо, ага ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек. Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында гана Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек. Жогоруда баяндалгандын негизинде, арыздануучу талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда. Судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 27-декабрындагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган. Сот отурумунда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдогон жана аларды канааттандырууну суранган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Т.Ы. Ырысбеков кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талашылып жаткан ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Т.Ы. Ырысбеков «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 4-бөлүгү адвокаттык иш менен алектенүү укугун берген лицензиясынан ажыратуу жүргүзүлгөн негиздердин тизмесин караштырат деп көрсөтүүдө. Анын пикири боюнча, көрсөтүлгөн ченемде каралган негиздер мерчемдүү болуп саналат, ошон үчүн талашылып жаткан орнотулган чектөө Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп каралышы мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү арыздануучунун талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16, 18, 20 жана 42-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө ылайык келбегендиги жөнүндө жүйөлөрү негизсиз, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинде көрсөтүлгөн белгилер боюнча кодулоочу мүнөзгѳ ээ эмес, кимдир бирөөгө ар кандай аракеттерди жана ишмердикти жүзөгө ашырууга тыюу салбайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө белгиленген ар кимдин укуктарын чектебейт деп белгилейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү Ж.Н. Мурзалиева төмөнкүдөй пикир айтты. «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 4-бөлүгүндө адвокаттарды лицензиядан ажыратуунун учурларынын тизмеси белгиленген. Мындай чара адвокат тарабынан оордугунун даражасы боюнча эң эле олуттуу тартип жосундарынын жасалгандыгы үчүн колдонула турган тартип жоопкерчилигинин эң катуу чарасы болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү талашылып жаткан ченемдин жоболоруна ылайык адвокаттын статусун калыбына келтирүүгө жана мурда адвокаттык лицензиядан ажыратылган адамга адвокаттык ишти жүргүзүүгѳ тыюу салуу орундуу болуп саналат деп эсептейт.

Ж.Н. Мурзалиева жосун жасаган адамдар үчүн адвокаттык ишти жүргүзүүгѳ чектөөнү караштырган талашылып жаткан ченем адвокатура институтунун кадыр-баркын кемсинткен аракеттерди жокко чыгарууга багытталган жана мыйзам чыгаруучу тарабынан ар кимдин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана камсыз кылуу максатында киргизилген деп болжойт.

Бирок, көрсөтүлгөн Мыйзамда тартиптик жосундарды жасаган юридикалык кесиптин коңшу тармактарында мурда иштеген, ошондой эле укук бузууларды жасаган адамдар үчүн адвокаттык лицензия алуу мүмкүндүгү каралганынын эске алганда, адвокат статусунан ѳмүр бою ажыратуу менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүүнүн ортосундагы өлчөмдөштүк күмөндүүлүк жаратууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын экинчи өкүлү А.Ж. Букамбаева Ж.Н. Мурзалиеванын көз карашы менен макул болгон. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү У.Т. Айтбаев жарандардын эмгекке болгон жөндөмдүүлүгүн эркин пайдалануу укугун чектөөдө конституциялык жактан корголуучу баалуулуктар, коомдук жана жеке кызыкчылыктар, калыстык, теңдик жана өлчөмдөштүк принциптер балансын сактоо керек деп эсептейт. Мында ушул укуктун маңызынын өзүнө кол салуу жана анын негизги мазмунун жоготуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруу менен, аша чаппаган, зарыл жана конституциялык жактан жактырылган максаттар менен шартталган чаралар гана колдонулушу керек. Мында У.Т. Айтбаев талашылып жаткан ченемде каралган чектөөлөр мурда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиядан ажыраган адамдар үчүн гана мөөнөтсүз мүнѳзгѳ ээ, ошол эле учурда башка субъекттерде укуктук реабилитация менен лицензия алуу укугун алуу мүмкүндүгү калууда, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинде бекитилген теңдик конституциялык принцибинин бузулушуна алып келген бирдей эмес мүмкүнчүлүктөрдүн шартын орнотууда. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16, 18, 20 жана 42-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келүүдө деген тыянакка келүүдө. Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин өкүлү У.Ш. Акулуев М.Э Токтоматовдун өтүнүчү төмөнкүдөй негиздер боюнча канааттандырууга жатпайт деп эсептейт. Адвокаттын негизги милдети болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренеси менен кепилденген квалификациялуу юридикалык жардам кѳрсѳтүү саналат. Адвокатты лицензиясынан ажыратуу калкка көрсөтүлүп жаткан юридикалык жардамдын тийиштүү деңгээлин камсыз кылуу механизмдеринин бири болуп саналат. У.Ш. Акулуев далилдегендей, мындай чектөөнүн зарылдыгы, биринчи кезекте, жарандарга юридикалык жардамдын ар кандай түрлөрүн күрсөтүү үчүн квалификациялуу юристтерди даярдоону камсыз кылуу жана тиешелүү кесиптик, башка квалификациялык талаптарды жана критерийлерди орнотуу боюнча мамлекеттин максаты менен орундатылган. Мурда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиядан ажыратылган адамга лицензиянын берилиши зарыл болгон кесиптик көндүмдөрү жок субъект тарабынан юридикалык жардам көрсөтүү тобокелине алып келиши мүмкүн, бул сот адилеттигинин милдеттери жана мамлекеттин ар кимге квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү милдети менен айкалышпайт. Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин өкүлү жогоруда баяндалгандын негизинде арыздануучунун кайрылуусунда коюлган маселелер канааттандырылууга жатпайт деп белгилейт. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын өкүлү Б.С. Райымкулов каралап жаткан иш боюнча талашылып жаткан ченем менен орнотулган чектөө өлчөмдөш болуп саналат, себеби ал адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жана сот адилеттигине жетишүүнү камсыз кылуу боюнча конституциялык маанилүү максатты көздөйт, демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деген пикирин билдирди. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы өзүнүн ѳзгѳчѳ маанилүүлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан Адвокатуранын ишмердигин уюштуруу маселелерин, ошондой эле адвокаттардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин мыйзам менен жөнгө салууну мамлекетке тике милдеттендирген өзгөчө коомдук-укуктук статуска ээ кылынган. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда адвокаттардын өзгөчө ролу, аларга карата, кесипке ишенимди арттырууга багытталган жогорулатылган талаптарды коюуну ырастайт. Мындай көз караш Адам укуктары боюнча Европа соту тарабынан Мористин Францияга каршы иши боюнча айтылган. Ошентип, Адам укуктары боюнча Европа сотунун тажрыйбасы адвокат өзгөчө статуска ээ экендигин жана ага адам укуктарын коргоо боюнча жогорку милдеттер жүктөлүп, ал эми адвокат тарабынан кесиптик этиканын ченемдерин сактоо биринчи кезектеги маселе болуп саналаарын көрсөтүүдө. Мыйзам чыгаруучу терс кесепеттердин болуу мүмкүндүгүнө, маселен, адвокаттар тарабынан өздөрүнүн милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгына байланыштуу адвокаттын статусуна зыян келтирген жагдайларды болтурбоо максатында мурда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиядан ажыратылган адамдарга карата чектөөнү негиздүү караган. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын экинчи өкүлү Э.А. Ли формалдуу жактан бирдей субъекттерге (адвокаттарга) бирдей мамилени болжогон конституциялык принцип ар кандай категорияда турган адамдарга бирдей кепилдиктерди берүү зарылдыгын шартталбайт деп белгилеген. Ошон үчүн каралып жаткан учурда адвокаттарды тиешелүү убакыт ѳткѳндѳн кийин адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер болуу укугуна ээ болгон субъекттер менен салыштыруу орунсуз, анткени мындай адамдар «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартылган эмес. Адвокаттын ишмердигинин мазмуну жана этикалык купуя мааниси юридикалык жардам алууга кайрылган адамдардын кызыкчылыктарын коргоонун бардык этаптарында адвокаттын өз ишмердигинин жыйынтыктары үчүн юридикалык жана нравалык жоопкерчилигинин даражасын аңдап билүүсү менен аныкталат. Ушуга байланыштуу, адвокаттык иш жүргүзүүгө жол берүүдөгү өзгөчө талаптар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан келип чыккан социалдык жактан орундуу жана зарыл талаптар катары каралышы керек. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкүдөй мазмундагы 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту саналат: «19-берене. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу

2. Лицензияны төмөнкү жаран ала албайт:

4) мурда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясынан ажыраган;»

«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинин 2014-жылдын 22-июлундагы № 57 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы адам укуктары жана эркиндиктерин жогорку баалуулук деп жарыялап, бардык мамлекеттик органдардан, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан алардын ишмердигинин мааниси менен мазмуну ушул баалуулукту турмушка ашырууда болсун деп талап кылат (16-беренесинин 1-бөлүгү). Ушуну менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы коомдогу мамилелер адамдан мамлекетке карай түзүлгѳн, адамдын өзү жана анын субъективдүү укуктары баалуулук катары таанылган, ал эми мамлекетке жаратман ролу жана социалдык милдеттенме берилген мамлекетти түзүүгѳ болгон мамилени бекитет.

Ар бир адамдын жүрүм-турумунун түрү жана ченеми анын жеке сапаттары жана дүйнө таануу өзгөчөлүгү менен шартталган кызыкчылыктарынан кѳз каранды, бул натыйжада анын социумдагы ордун калыптандырат. Инсандын ким экендиги коомдо көрүнөт, ушуга байланыштуу, адам жүрүм-турумун аныктоо табигый муктаждыгы пайда болот, анда ал өзүнүн укуктары менен эркиндиктерин башкалардын кызыкчылыктары менен салыштырышы керек. Мамлекет өзүнүн ишмердигинде өзүнүн бардык жарандарынын кызыкчылыктарын (коомдук кызыкчылыктарды) көздөгөндө жана сактап келгенде жана мамлекет тарабынан таанылган коомдук кызыкчылык укук ченемдеринде (коомдук кызыкчылык) жүзөгө ашырылганда мамлекет коомдук кызыкчылыктын чагылдырмасы болот. Ушундан улам мамлекеттин укуктук, демократиялык мамлекетти куруу жолундагы биринчи кезектеги милдети болуп, инсандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо коомдук кызыкчылыктар менен айкалышып камсыз кылынган, ошону менен бирге ар бир инсандын жашоо тиричилиги жана эркин өнүгүүсү үчүн жагымдуу чөйрө түзүлгѳн, калыс тең салмактуулукту орнотуу болуп саналат. Ошол элу учурда, жеке жана коомдук кызыкчылыктарга тең салмактуу мамилени талап кылган конкреттүү укуктук кырдаалды регулятивдик чечүү зарылдыгы пайда болгон учурда дайыма эле жумшак жөнгө салуунун коомдук-укуктук методдору менен чектелүү мүмкүн эмес, андайда мамлекет коомдук маанилүү маселелерди чечүү мүмкүн эмес болгондо, тыюуларды жана башка императивдик мүнөздөгү чектөөлөрдү киргизүүгө муктаж. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгү адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөө мүмкүндүгүнө жол берет, бирок анын чектерин алар жетишүү үчүн киргизилген максаттар менен так чектеп көрсөтөт. Ошентип, бул ченемге ылайык адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында гана Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек. Мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мааниси боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо менен, биринчи кезекте, конституциялык укуктар менен эркиндиктердин маңызын бурмалоонун мүмкүн эместигинен, ошондой эле ал ушул маселеде өзү билип чечүүнүн чексиз эркиндигине ээ эмес экенинен келип чыгууга милдеттүү. Демек, ал адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин өлчөмсүз чектөө мүмкүндүгүн конкреттүү укук колдонуучулук кырдаал үчүн жокко чыгарган коргоо каражаттарын жана ыкмаларын гана колдоно алат. Мында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө аталган коомдук кызыкчылыктар, эгер чектөөлөр зарыл болгон натыйжага ылайыктуу болсо жана аларды киргизүү зарылчылыгын туудурган себептердин өзгөрүлүшүнө жараша алар өз убагында жокко чыгырылып турган учурда гана, укуктар менен эркиндиктерди чектөөлѳрдү актайт десе болот. Ошентип, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөөнү киргизүүнүн жогоруда белгиленген эрежелерин кыйшаюсуз сактоо, конкреттүү укуктук мамилелерде аларды колдонуунун ачыктыгы жана бирдейлиги – бул мамлекет тарабынан киргизилүүчү чектөөлөрдүн легитимдүүлүгү үчүн зарыл болгон шарт.

3. Адвокатура институту Конституцияда адамдын жана жарандын жарыяланган укуктарын сактоону кепилдөөгө милдеттүү экендигин, ошондой эле сот адилеттигин жүзөгө ашыруу сыяктуу маанилүү мамлекеттик функциясын аткарууда катышып жатканын эске алып, адвокатура ишмердиги «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы болгон мамлекеттик-башкаруу көрсөтмө менен регламенттелген, анда адвокаттык иш жүргүзүүгө талапкер болгон адамдар үчүн бир катар чектөөлөрдү караштырган.

Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 19-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык лицензияны төмөнкү жаран ала албайт: аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чектелген деп табылган; жабылбаган же алып салынбаган соттуулугу бар; тартиптик жосунун жасагандыгына байланыштуу укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан бошотулган - бошотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде; мурда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясынан ажыраган; жүрүм-турумунун кынтыксыз эместигине байланыштуу судьянын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган - бошотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде. Мындай чектөөлөрдү киргизүү адвокатуранын ишмердиги коомдук-укуктук мүнөзгө ээ болгондугу менен байланыштуу, себеби инсандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча конституциялык кепилдиктерди камсыз кылуу менен, ошондой эле сот адилеттигинин максаттарына жетишүү менен шартталган. Демек, мындай категориядагы адамдардын жеке жана ишчил сапаттарына жогорулатылган талаптардын мыйзамдар деңгээлинде бекитилиши негиздүү, себеби мындан аларга жүктөлгөн маселелердин аткарылышынын натыйжалуулугу гана эмес, инсандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо сыяктуу коомдук мамилелердин өзгөчө алсыз чөйрөсүнө кол салууда мыйзамдуулукту сактоо түздөн-түз көз каранды болот. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген кесиптик негиздеги квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүүнүн өзү өзгөчө тартипти аныктоону жана анын жүзөгө ашырылуусунун шарттарын талап кылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн чечимдеринде адвокаттын квалификациясынын деңгээлине жогорулатылган талаптар туурасында көз карашын бир нече жолу билдирген. Маселен, мамлекет натыйжалуу сот адилеттигинин тутумун куруу жана квалификациялуу юридикалык жардамдын каражаттарына жалпынын жетишүүсүн камсыз кылуу боюнча конституциялык маанилүү милдетти аткарууда юридикалык жардамдын көрсөтүлүшү жүктөлө турган адамдардын атайын тандоо тутумун айланып өтө албайт. Ошон үчүн мамлекет адвокаттарга белгилүү кесиптик жана башка талаптарды орнотууга, ошондой эле андай адамдарды кесиптик адвокаттык иш жүргүзүүгө уруксат берүүнүн зарыл болгон шарттарын аныктоого милдеттүү, себеби алардын көрсөтүп жаткан юридикалык жардамынан адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун натыйжалуулугу көз каранды болот (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 14-февралындагы чечими). Юридикалык кызматтарды көрсөтүүчү адамдарга карата атайын квалификациялык талаптарды орнотуу эл аралык стандарттарга да ылайык келет. Юридикалык жардам көрсөтүүчү адамдардын тийиштүү квалификациясы мамлекеттер тарабынан камсыз кылуу зарылдыгы жөнүндө эл аралык келишимдерде да белгиленет. Ошентип, Кылмыштуулуктун алдын алуу жана укук бузуучуларга карата жасала турган мамиле боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун сегизинчи Конгресси менен юристтердин ролуна тиешелүү Негизги принциптерде (Гавана, 1990-жылдын 27-августу – 7-сентябры) өкмөттөр юристтердин тиешелүү квалификациясын жана даярдыгын, кесиптик идеалдарды жана адеп-ахлак милдеттерин билүүсүн, ошондой эле улуттук жана эл аралык укукта таанылган адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууга милдетүү экендиги атайын көрсөтүлөт. Ошону менен бирге, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 3-бөлүгү менен кепилденген экономикалык эркиндикке, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укукту чектөө мүнөзүнө ээ. Эмгекке жөндөмдүү адамдын турмушунун жана ишмердүүлүгүнүн базалык негизи кесиптин жана иштин түрүн эркин тандоо укугу, жашоого акча табуу мүмкүндүгүнө ээ болуу жана өз ишмердигинин натыйжаларын өзү билип тескөө укугу саналат. Кыргыз Республикасы тарабынан адамдын ушул пайдубал укуктарын сактоо милдеттүүлүгү Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 23-беренесинде да бекитилген, ага ылайык ар бир адам эмгектенүүгө, ишти эркин тандап алууга, адилет жана жагымдуу эмгек шартына жана жумушсуздуктан корголууга укуктуу. Ошон үчүн адвокаттык иш жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди регламенттөөдө мамлекет коомдук мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоону көздөө менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан корголуучу адамдын жана жарандын укуктар менен эркиндиктер чөйрөсүнө мамлекеттик кийлигишүү мүмкүндүгүнүн чектерин сактоого тийиш. Укуктук жөнгө салуунун айрым маселелери укуктук каражаттар аркылуу чечилиши мүмкүн болбой калган учурда гана коомдук кызыкчылыктардын мазмунунда чектөөчү укуктарды орнотуу максатка ылайык болуп саналат. Мамлекет инсанды анын укуктары менен эркиндиктерин чектөөдө коомдук кызыкчылыктын салмактуу маанилүүлүгүн жетекчиликке алуу керек, андай мамиле бир жагынан коомдун пайдубалынын бузулбастыгын, экинчи жагынан инсан менен мамлекеттин ортосунда шайкеш жашоо-тиричиликти камсыз кылат. Ага ылайык, коомдук кызыкчылыктарды коргоонун объективдүү зарылчылыгы болгондо укуктук жөнгө салуу коомдук жана жеке кызыкчылыктарды карама-каршы коюу жолу менен эмес, алардын ортосундагы ынтымак менен өнөктөштүктүктү чагылдырган тең салмактуулукту орнотуу аркылуу жүзөгө ашырылуусу керек.

4. Адвокат тарабынан оордугунун даражасы боюнча өзгөчө оор тартип жосундары үчүн тартип жаза чарасынын эң эле катуусу адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясынан ажырагандыгына байланыштуу адвокат статусунун токтотулушу болуп саналат.

Юридикалык жоопкерчиликтин мындай чарасы зарыл болуп эсептелет жана мамлекет коомдун коомдук-маанилүү кызыкчылыктарын коргоодо инсандын турумуштук маанилүү кызыкчылыктарына, ошондой эле адвокатура институтунун жана бүтүндөй сот адилеттигинин кадыр-баркына олуттуу зыян келтире ала турган, ѳзүнүн милдеттерин абийирсиздик менен аткарган адвокаттардын мыйзамсыз, социалдык-кооптуу жүрүм-турумунан алдын ала сактоочу максаттарды көздөѳсү менен акталуу. Ушуга байланыштуу, лицензиядан ажыратуу сыяктуу юридикалык жоопкерчиликтин мындай түрү конституциялык максаттарга ылайык келет, себеби ар кимдин квалификациялуу юридикалык жардам алууга жана алардын кызыкчылыктарынын сотто корголушуна болгон конституциялык укуктарынын жүзөгө ашырылуусун камсыз кылууга жол берет. Аны менен бирге, белгилүү мезгил өткөндөн кийин адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензияны кайталап алууга кайрылуу мүмкүндүгүнөн биротоло ажыратылышы мамлекеттин жана инсандын эмгек эркиндигине болгон коомдук кызыкчылыктар ортосунда тең салмактуулукту бузган конституциялык маанилүү максаттарды өлчөмсүз көздөгөн чектөө болуп саналат. Ошол эле мезгилде «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 3 жана 5-пункттары менен терс кесепеттер менен мамлекеттик органдардан кызматтан бошотулган айрым субъектилер же соттолгондор айрым жагдайларды жокко чыгаргандан же белгилүү мезгил өткөндөн кийин адвокаттык лицензия алуу мүмкүн боло турган шарттар каралганын белгилей кетүү керек. Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерге ылайык жаран жасалган кылмыштын оордугуна карабастан, соттуулугу жабылып же алынып салынгандан кийин, тартиптик жосунду жасагандыгына байланыштуу укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан бошотулган адам - бошотулган күндөн тартып бир жылдан кийин, жүрүм-турумунун кынтыксыз эместигине байланыштуу судьянын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам - бошотулган күндөн тартып бир жылдан кийин лицензия ала алат. Жогоруда көрсөтүлгөн ченемдин маанисинен жана мазмунунан келип чыксак, соттуулугу жабылган же алып салынган шартта, ошондой эле белгилүү мезгил өткөндөн кийин тийиштүү субъектилерге адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга укук берилүүгө тийиш. Каралып жаткан маселенин укуктук жөнгө салынуусуна болгон мындай мамиле ар кимдин эркин эмгектенүү укугунун кыйшаюусуз сакталышы жөнүндө конституциялык орнотмолорду бузбастан юридикалык жоопкерчиликтин зарыл даражасын өзүнө камтыган. Ал эми адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясынан ажыраган адам аны кайталап алуу мүмкүндүгүнөн биротоло ажырап жатат. Бул мыйзам чыгаруучу соттуулугу жабылган же алып салынган адамдарга, кызматынан бошотулган судьяларга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине адвокаттык лицензиядан ажыратылган адамдарга салыштырмалуу укуктардын чоң кѳлѳмүн берүү менен бирѳѳлѳрдүн экинчилерге карата артыкчылыктуу абалын орнотту дегенди билдирет. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы талашылып жаткан ченем тарабынан орнотулган чектөө объективдүү жана акылга сыяр орду жок жана конституциялык маанилүү максаттарга шайкеш келбейт деген тыянакка келүүдө. Мурда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиядан ажыратылган адамдарга белгилүү мезгил өткөндөн кийин жаңы лицензия алуу максатында ыйгарым укуктуу органга кайрылуу укугунун берилбеши өлчөмдөштүк принцибин бузууда жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө жана 42-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келүүдө. Жаңы укуктук жөнгө салууну киргизүүдө, ар кимдин укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылууда, анын ичинде сот адилеттигин жүзөгө ашырууда адвокаттык иш жүргүзүүнүн коомдук-укуктук маанисин эске алганда адвокаттык лицензияны алуу үчүн кайталап кайрылуу укугу чексиз мүнөзгө ээ боло албайт. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Ч Е Ч Т И:

1. «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө жана 42-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө баяндалган укуктук көз караштарга ылайык колдонуудагы укуктук жөнгө салууга тийиштүү өзгөртүүлөрдү демилгелесин.

3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

5. Ушул Чечим мамлекеттик органдардын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ
