# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 314
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97567>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18120/edition/1065578/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97567.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (14.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97567

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 25-майы № 314 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402, 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Байланыш тармагын өнүктүрүү максатында, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402, 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
