# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 310 "Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 310 "Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 310
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97562>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18116/edition/748015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97562.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 310 "Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97562

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 21-майы № 310 "Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- "Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин короосуна кечиктирилгис катары кезексиз тартипте киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышын бекитүү жөнүндө

1-берене. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышы ушул Мыйзамдын тиркемесине ылайык бекитилсин.

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Тиркеме Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагында жайгашкан Ош шаарына өткөрүлүп берилүүчү аянты 2,3 га жер участогунун БАЯНДАЛЫШЫ

Чек араларынын баяндалышында № 1 чекит болуп түштүк багытты көздөй кеткен шагыл жолдун боюндагы "Айкөл Манас" эстелиги жайгашкан чекит аныкталган. № 1 чекиттен чек аралардын линиясы жер участокторунун кыры боюнча түз кетет, чыгышты көздөй 79 метрден кийин № 2 чекитке жетет. № 2 чекиттен чек аралардын линиясы жер участокторунун кыры боюнча түз кетет, түштүктү көздөй бурулуп 19 метрден кийин № 3 чекитке жетет. № 3 чекиттен чек аралардын линиясы жер участокторунун кыры боюнча түз кетет, чыгышты көздөй бурулуп түп-түз 44 метрден кийин № 4 чекитке жетет. № 4 чекиттен жер участокторунун кырлары боюнча түштүк-батыш багытын көздөй 139 метрден кийин № 5 чекитке жетет. № 5 чекиттен жер участокторунун кырлары боюнча чыгышты көздөй бурулуп, 22 метрден кийин № 6 чекитке жетет. № 6 чекиттен түштүк-батыш багытын көздөй түз линия боюнча арыкты бойлоп, 74 метрден кийин № 7 чекитке жетет. № 7 чекиттен түштүк-чыгыш багытын көздөй көчөнү бойлоп, 92,5 метрден кийин № 8 чекитке жетет. № 8 чекиттен түштүк-чыгыш багытын көздөй газ өткөрүү түтүктөрүнүн линиясы боюнча автожолду бойлоп, 103 метрден кийин № 9 чекитке жетет. № 9 чекиттен түштүк-чыгыш багытын көздөй газ өткөрүү түтүктөрүнүн линиясы боюнча автожолду бойлоп, 98 метрден кийин баштапкы № 1 чекитке туташат.
