# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 306 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин жана Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн ишин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 306 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин жана Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн ишин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 306
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97558>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18114/edition/748007/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97558.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 306 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин жана Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн ишин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (17.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97558

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 20-майы № 306 Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин жана Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн ишин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн, мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин жана Ревизиялык комиссиянын Мүчөлөрүнүн ишин баалоонун заманбап ыкмаларын жайылтуу, мындай чарбакер коомдордо корпоративдик башкаруунун сапатын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоо жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоо жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
