Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 14-майы № 293 "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри жана Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4 62-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 62-статьяда:
- "Мөңгүлөрдүн" деген сөздүн алдында "Ушул статьянын экинчи жана үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Стратегиялык объекттердин тизмегине киргизилген, ири салык төлөөчү жана бюджетти түзүүчү ишканалар болуп саналган чарба субъекттеринин иштөөсү менен байланышкан өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мөңгүлөргө таасир этүүчү ишке, мындай иштен келтирилген зыянды мүмкүн болушунча максималдуу азайтуу жана мөңгүлөрдүн абалына дайыма контролдоо жүргүзүү шартында уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн. Мындай ишке уруксат берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттик корутундусунун негизинде кабыл алынат.".
2. 67-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "Агым" деген сөздүн алдында "Ушул Кодекстин 62-статьясында каралган учурлардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 17-июнундагы № 5216-V "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи…Постановление · 17.06.2015 · № 5216-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5330-V "Кыргыэ Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи…Постановление · 26.06.2015 · № 5330-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 1994-VI "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.11.2017 · № 1994-VI · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Суу КодексиКодекс · 12.01.2005 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон