# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майы № 276 "Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майы № 276 "Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 276
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97538>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18096/edition/875417/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97538.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майы № 276 "Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (04.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97538

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 265 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 7-майы № 276 Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү, ченемдик укуктук актылардын сапатын жакшыртуу жана инвентаризациялоо жол-жобосун оптималдаштыруу, министрликтердин жана ведомстволордун ченем жаратуу ишин координациялоону камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2015-жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизсин:

- Комиссиянын иши жөнүндө аналитикалык маалыматты;

- мамлекеттик органдар Комиссиянын ишинин алкагында тийиштүү түрдө иштебеген учурда мамлекеттик органдардын тийиштүү жетекчилерине тартиптик таасир этүү чарасын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Комиссиянын ишинин алкагындагы ишти активдештиришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Нормативдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
