Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» техникалык регламенти» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 7-майы № 275 "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2010-жылдын 5-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
1. 1-беренесинин 4-бөлүгүндө "Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасындагы (ТЭИ ТН)" деген сөздөр "Евразия экономикалык союзундагы тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасындагы (ЕАЭС ТЭИ ТН)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 23-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын коду (ТЭИ ТН)" деген сөздөр "Евразия экономикалык союзундагы тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын коду (ЕАЭС ТЭИ ТН)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 2-тиркемеси ушул Мыйзамдын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 17-июнундагы № 5248-V "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу" Техникалык регламенти" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.06.2015 · № 5248-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 25-июнундагы № 5322-V "Кыргыз Республикасынын "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын Техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз…Постановление · 25.06.2015 · № 5322-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5372-V "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" Техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз…Постановление · 26.06.2015 · № 5372-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентЗакон · 16.11.2013 · № 202 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламентЗакон · 29.01.2010 · № 18 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон