# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97531>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18091/edition/747965/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97531.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (30.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97531

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 30-апрели № 269 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускамада:

- расмий тилдеги текстинин преамбуласындагы "нормативно-правовыми актами" деген сөздөр "нормативными правовыми актами" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункттун биринчи абзацындагы "60-беренесине" деген цифралар жана сөз "38-пунктуна" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;

- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- расмий тилдеги текстинин 5-пунктунун үчүнчү абзацындагы "могут выдаваться" деген сөздөр "выдаются" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 9-пункттун экинчи абзацы "дареги" деген сөздөн кийин "жана себеби" деген сөздөр менен толукталсын;

- 10-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарындагы "кийинкиге калтырылып коюлат" жана "токтотулушу мүмкүн" деген сөздөр "кийинкиге калтырылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 19-пункттун үчүнчү абзацындагы "киргизе алат" жана "оңдой алат" деген сөздөр "киргизет" жана "оңдойт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 24-пункттун үчүнчү абзацындагы "улантылышы" жана "жазылышы мүмкүн" деген сөздөр "улантылат" жана "жазылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 28-пункттун алтынчы абзацындагы "берилиши мүмкүн" деген сөздөр "берилет" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 31-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"31. Эгерде берилген документтин аныктыгы шек туудурса, консул бул документти алып калат жана аны экспертизанын тиешелүү түрүн жүргүзүү үчүн жиберет.";

- 40-пункттун экинчи абзацындагы "эл аралык келишимдерде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 64-пункттун бешинчи абзацындагы "сабатсыз жана", "башка" деген сөздөр алып салынсын;

- 72-пункттун биринчи абзацындагы жана 77-пункттагы "берилиши мүмкүн" деген сөздөр "берилет" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 112-пункттун экинчи абзацындагы "берилиши мүмкүн" деген сөздөр "берилет" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 139-пункттагы "киргизилиши мүмкүн" деген сөздөр "киргизилет" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 141-пункттагы "тариздей алат" деген сөздөр "тариздейт" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 187-пункт "көрсөтүлбөгөн," деген сөздөн кийин "нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон," деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Дж.К. Оторбаев
