Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-апрели № 262 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене. "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 505-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статьяда:
- жыйырма биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"камсыздандыруу брокери - тиешелүү лицензия алгандан кийин камсыздандыруучунун же камсыздандырылуучунун тапшырмаларынын негизинде өзүнүн атынан камсыздандыруу боюнча ортомчулук ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:
"актуарий - актуардык ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензиясы бар жеке жак.".
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 9-1 жана 9-2-статьялар менен толукталсын:
"9-1-статья. Камсыздандыруу брокерлери
1. Камсыздандыруу брокерлери камсыздандырууга, кайра камсыздандырууга байланыштуу ишин тиешелүү лицензия алгандан кийин гана жүзөгө ашыра алат.
2. Камсыздандыруу брокеринин ишине, камсыздандыруу брокеринин уставдык капиталын түзүүгө, калыптандырууга коюлуучу талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
3. Айрым иштин түрлөрүн лицензиялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органы берген тиешелүү лицензия таанылгандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк камсыздандыруу брокерлери ишин жүргүзө алышат.".
9-2-статья. Актуардык иш
1. Актуардын милдети актуардык баалоого жаткан, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун, финансылык туруктуулугунун жана төлөө жөндөмдүүлүгүн керектүү деңгээлде камсыздоо максатында камсыздандыруунун ыктыярдуу жана милдеттүү түрлөрү боюнча милдеттенмелеринин өлчөмүнүн экономикалык-математикалык эсептөөлөрүн жүргүзүү болуп эсептелет.
2. Актуардык иш өзүнө төмөнкү кызматтарды көрсөтүүнү камтыйт:
1) камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча камсыздандыруу тарифтерин эсептөөнүн методологиясын жана экономикалык негиздемелерин иштеп чыгуу;
2) актуардык эсептөөлөр маселеси боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр;
3) камсыздандыруу резервдерин калыптандыруу булактары жана методдору боюнча консультациялар жана сунуштамалар;
4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоого байланыштуу маселелер боюнча кызмат көрсөтүүлөр.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген квалификациялык талаптарга жооп берген жана актуардык ишти жүргүзүүгө тиешелүү лицензиясы бар жана актуарийлердин өзүн-өзү башкаруучу уюмунун мүчөсү болуп эсептелген жеке жак актуарий катары чыгууга укуктуу.
4. Актуарий өзүнүн кесиптик ишин жүзөгө ашыруу мезгилинде мамлекеттик кызматта турбашы керек.
5. Актуардык иш ишкердиктин лицензиялануучу түрү болуп эсептелет. Актуардык ишти лицензиялоо, лицензиялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.".
2-берене. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 29-октябры, № 87) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 59 жана 60-пункттар менен толукталсын: "59) камсыздандыруу брокеринин иши;
60) актуардык иш.".
3-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-майындагы № 5078-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасында…Постановление · 06.05.2015 · № 5078-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-майындагы № 5077-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасында…Постановление · 06.05.2015 · № 5077-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5050-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз…Постановление · 30.04.2015 · № 5050-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндөЗакон · 23.07.1998 · № 96 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон