# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 257 "Дубай шаарында 2014-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 257 "Дубай шаарында 2014-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18079/edition/747945/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 257 "Дубай шаарында 2014-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (23.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97519

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-апрели № 257 “Дубай шаарында 2014-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- “Дубай шаарында 2014-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Дубай шаарында 2014-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Берүү жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча) бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп аныкталсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Дубай шаарында 2014-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу

1-берене Дубай шаарында 2014-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Берүү жөнүндө келишим ратификациялансын.

2-берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзсүн.

3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
