Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-апрели № 246 "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 555-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьянын төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө Мыйзамына" деген сөздөр "банкроттук жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 2-статьянын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Риэлтордук ишти жөнгө салуучу мыйзамдар Риэлтордук ишти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана риэлтордук ишти регламенттештирген башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.".
4. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн риэлтордук иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн риэлтордук иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- риэлтордук ишти өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- мамлекеттик бийлик органдарынын риэлторлор жана алардын бирикмелери менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу.".
5. 6-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 18-статьяда:
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- риэлтордук фирманын (риэлтордун) ыйгарым укуктары менен таанышууга;";
- төртүнчү абзацтагы "керектүү бардык" деген сөздөр алып салынсын.
7. 19-статьянын экинчи абзацындагы "акыл-эстүү жана ак ниет," деген сөздөр алып салынсын.
8. 20-статьянын бешинчи абзацындагы "тийиштүү мөөнөттөрдүн ичинде" деген сөздөр алып салынсын.
9. 22-статьянын 1-пунктундагы "ыйгарым укуктуу органдар жүргүзүүчү" деген сөздөр алып салынсын.
10. 23-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-статья. Юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды жана жарандар тууралуу жекече маалыматтарды берүүнүн шарттары
1. Риэлторлорго юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды берүү юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтардын көлөмүндө жүзөгө ашырылат.
2. Риэлторлорго жарандар жөнүндө жекече маалыматтарды берүү төмөнкүдөй көлөмдө жүзөгө ашырылат:
- жарандардын жашаган жеринин даректери боюнча катталуу фактысы жөнүндө маалыматтардын;
- турак жай жана турак жай эмес фонддун объекттери жөнүндө аталган органдар жүргүзүүчү документтерге киргизилүүчү маалыматтардын;
- жарандардын өзгөчө категорияларына тиешелүү адамдардын (жашы жете элек жарандар жана белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз, майып деп таанылган башка адамдар, пенсионерлер) кыймылсыз мүлккө укуктарынын мүнөзүн жана мазмунун белгилөө үчүн зарыл болгон маалыматтардын;
- жарандык абалдын актыларын каттоо журналдарына киргизилүүчү маалыматтардын;
- адистештирилген дарылоочу мекемелерде каттоодо турган жарандардын абалы жөнүндө маалыматтардын.
3. Риэлторго жарандардын бала асырап алгандыгы боюнча фактылар жөнүндө маалыматтарды суроо-талаптын мүнөзүнө жана мындай маалыматтарды сураган риэлтор негизденген жагдайларга карабастан берүүгө жол берилбейт.
4. Риэлторго ушул статьянын 3-пунктуна ылайык ачыкка чыгарууга жол берилбеген жарандар жөнүндө жекече маалыматтарды берүүгө күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
5. Риэлторлор жана риэлтордук фирманын кызматкерлери тарабынан бүтүм жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган жана ачыкка чыгарууга жатпаган жекече маалыматтардын ачыкка чыгарылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.".
11. 24-27-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.
12. 28-статьяда:
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- керектөөчүгө кыймылсыз мүлк рыногундагы риэлтордук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат берүүгө;";
- он биринчи абзацтагы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген" деген сөздөр "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 35-статьянын 3-бөлүгүндөгү "ага жетиштүү болгудай убакыттын ичинде" деген сөздөр алып салынсын.
14. 39-статьянын 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана экологиялык ченемдерге" деген сөздөр "техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15. 42-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Риэлторлордун кесиптик жоопкерчиликтерин камсыздандыруунун стандарты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 180-VI "Кыргыз Республикасындагы риэлтердик иш-аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 13.01.2016 · № 180-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 3-мартындагы № 331-VI "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш-аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 03.03.2016 · № 331-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 444-VI "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 14.04.2016 · № 444-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндөЗакон · 14.08.2003 · № 198 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон