# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 245 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 245 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 245
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97505>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18067/edition/737075/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97505.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 245 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому (16.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97505

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-апрели № 245 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 819, 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомдун редакциясына ылайык) "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин карамагына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "№ 54 Ысык-Көл асыл тукум жылкы заводу" мамлекеттик ишканасын өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "№ 54 Ысык-Көл асыл тукум жылкы заводу" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Этномаданиятты жана ат-спорт индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасы болуп кайра аталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Этномаданиятты, ат-спортиндустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомунун редакциясына ылайык)

4. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 819 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башкаруу схемасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы" № 54 Ысык-Көл асыл тукум жылкы заводу" мамлекеттик ишканасы" позициясы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 464 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун карамагына өткөрүп берилүүчү мамлекеттик ишканалардын уставдарын бекитүү жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун төртүнчү абзацы жана 3-тиркемеси.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

2-тиркеме "2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин башкаруу СХЕМАСЫ

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 819 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
