# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 240
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97502>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18064/edition/1050234/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97502.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (05.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97502

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-апрели № 240 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:

- 6-пунктунун он төртүнчү абзацы "иштеп чыгат" деген сөздөрдөн кийин "жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет" деген сөздөр менен толукталсын;

- 11-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11. Мамагенттикте курамына директор (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, ошондой эле энергетика чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана энергетика чөйрөсүндө көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирген, 5 кишиден турган коллегия түзүлөт. Мамагенттиктин директору жана статс-катчысы кызматы боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп эсептелет. Коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамы, анын курамына кызматы боюнча кирген адамдардан башка, Мамагенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 11-1 - 11-3-пункттар менен толукталсын:

"11-1. Коллегия жана жетекчилик кабыл алган чечимдерди алдын ала ар тараптуу жана кесиптик кароо жана даярдоо үчүн Мамагенттикте Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча комиссия иштейт, анын жеке курамы жана ал жөнүндө жобо Мамагенттиктин директору тарабынан бекитилет. 11-2. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун тең салмактап кароо жана илгерилетүү максатында Мамагенттикте Эксперттик кеңеш түзүлөт, анын жеке курамы жана ал жөнүндө жобо Мамагенттиктин директору тарабынан бекитилет. 11-3. Мамагенттиктин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук башталышта иштеген консультативдик-байкоочу орган болуп эсептелген Коомдук кеңеш түзүлөт.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августундагы № 482 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин "Мамлекеттик агенттиктер" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик".

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев
