Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 5 марта 2021 года № 80 "О вопросах Министерства энергетики и промышленности Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-03-05.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-апрели № 240 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 6-пунктунун он төртүнчү абзацы "иштеп чыгат" деген сөздөрдөн кийин "жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Мамагенттикте курамына директор (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, ошондой эле энергетика чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана энергетика чөйрөсүндө көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирген, 5 кишиден турган коллегия түзүлөт. Мамагенттиктин директору жана статс-катчысы кызматы боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп эсептелет. Коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамы, анын курамына кызматы боюнча кирген адамдардан башка, Мамагенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-1 - 11-3-пункттар менен толукталсын:
"11-1. Коллегия жана жетекчилик кабыл алган чечимдерди алдын ала ар тараптуу жана кесиптик кароо жана даярдоо үчүн Мамагенттикте Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча комиссия иштейт, анын жеке курамы жана ал жөнүндө жобо Мамагенттиктин директору тарабынан бекитилет. 11-2. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун тең салмактап кароо жана илгерилетүү максатында Мамагенттикте Эксперттик кеңеш түзүлөт, анын жеке курамы жана ал жөнүндө жобо Мамагенттиктин директору тарабынан бекитилет. 11-3. Мамагенттиктин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук башталышта иштеген консультативдик-байкоочу орган болуп эсептелген Коомдук кеңеш түзүлөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августундагы № 482 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин "Мамлекеттик агенттиктер" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын…Положение · 14.11.2014 · № 650 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 80 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августундагы № 482 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 25.08.2014 · № 482 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик…Постановление · 14.11.2014 · № 650 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 80 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндөЗакон · 24.05.2014 · № 74 · Күчүн жоготкон