# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 232
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97498>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18060/edition/696588/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97498.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (08.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97498

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 572 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕПСУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 22-апрели № 232 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Калкка рецепт менен берилүүчү дары-дармек каражаттарына рецепт жазууга жана аларды сатууга контролду күчөтүү максатында, "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- Дарыкана уюмдары аркылуу сатылуучу медициналык багыттагы товарлардын жана буюмдардын тизмеги.";

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Рецепт менен берилүүчү дары-дармек каражаттары эл аралык патенттелбеген аталышы менен бекитилген үлгүдөгү рецепттердин бланктарына гана, анын ичинде ММКФ тарабынан сатылуучу дары-дармек менен камсыздоонун жеңилдетилген программаларынын алкагында бекитилген жана колдонуудагы рецепттердин бланктарына жазылары белгиленсин. Рецепт жазууда дары-дармек каражаттарынын эл аралык патенттелбеген аталышы жок учурда, анын соодалык аталышын колдонууга жол берилет."; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринде:

- 5-пунктта:

экинчи абзацындагы "№ 148-1/у формадагы" деген цифралар жана сөздөр "ЛС-2 формадагы" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын; үчүнчү абзацындагы "№ 107-1/у формадагы" деген цифралар жана сөздөр "ЛС-1 формадагы" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын; төмөнкү мазмундагы төртүнчү-алтынчы абзацтар менен толукталсын: "ЛС-1 формадагы рецепттик бланк рецепттик бланктан жана айруу сызыгы менен бөлүнгөн айруу талонунан турат. Дарыгер айруу талонунда дарыгердин жана бейтаптын аты-жөнүн, жазылган дары-дармек каражатын, датасын көрсөтөт. Айруу талону өздүк мөөр жана дарыгердин колу, саламаттык сактоо уюмунун рецепттер үчүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Фармацевт рецепттик дары-дармек каражатын дарыкана уюмунан берүүдө айруу талонуна фармацевттин аты-жөнүн, берилген дары-дармек каражатынын аталышын көрсөтөт жана дарыкана уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрөт. Айруу талону дарыкана уюмунда калтырылат.";

- 7-пунктта:

биринчи абзацындагы "же генерикалык" деген сөздөр алып салынсын; биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Дары-дармек каражаттарында эл аралык патенттелбеген аталышы жок учурда, рецепт жазууда анын соодалык аталышын колдонууга жол берилет."; экинчи абзацындагы "№ 148-1/у формадагы" деген цифралар жана сөздөр "ЛС-2 формадагы" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;

- 8-пункттун экинчи абзацындагы ", А тизмесиндеги дары-дармек каражаттарынын" деген сөздөр алып салынсын;

- 15-пункттагы ", ошондой эле А жана Б тизмелериндеги дары-дармек каражаттарын" деген сөздөр алып салынсын;

- 18-пункттун үчүнчү абзацындагы "№ 107-1 /у формадагы" деген цифралар жана сөздөр "ЛС-1 формадагы" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген рецепттердин бланктарынын формаларында:

- № 107-1/у формадагы рецептин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "№ 148-1/у форма" деген цифралар жана сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "ЛС-2 форма" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;

- № 107-1/у формадагы рецепт ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген фармацевттик уюмдардан дары-дармек каражаттарын берүү эрежелеринде:

- 2-пункттагы ", А жана Б тизмедеги дары-дармек каражаттары" деген сөздөр алып салынсын;

- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Дарыкана уюмунан психотроптук дары-дармек каражаттарын дарыгердин рецепти боюнча берүүдө, фармацевт рецепт жазып берилген бейтапты күбөлөндүргөн документти талап кылууга жана айруу талонунда бейтапты күбөлөндүргөн документтин номерин, сериясын, берилген күнүн жана ким бергенин жазып калууга милдеттүү.";

- төмөнкү мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:

"12-1. Рецепттик дары-дармек каражаттарын бейтапка бергенден кийин калган рецепттердин айруу талондору дарыкана уюмунда бекитилүүчү шкафта, тигилген, мөөр басылган, боо тагылган түрдө айлар жана жылдар боюнча эки жыл бою сакталышы керек, аталган мөөнөт өткөндөн кийин мыйзамда белгиленген тартипте жок кылынат.";

- 13-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рецептик бланктарды сактоо тартиби жөнүндө нускамада:

- 6-пунктта:

биринчи сүйлөмдөгү "№ 148-1/у жана № 107-1/у формадагы" деген цифралар жана сөздөр "ЛС-2 жана ЛС-1 формадагы" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын; экинчи сүйлөмдөгү "№ 107-1/у формасындагы" деген цифралар жана сөздөр "ЛС-1 формасындагы" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;

- токтом ушул токтомго 2-тиркемеге ылайык редакцияда "Дарыкана уюмдары аркылуу сатылуучу медициналык багыттагы товарлардын жана буюмдардын тизмеги" деген тиркеме менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

1-тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

Медициналык документация ЛС-1 формасы

Уюмдун аталышы жана коду (штамп)

өлчөмү 110х190 мм

РЕЦЕПТ (чоңдордуку, балдардыкы - керектүүсүнүн астын сызгыла) 201\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Бейтаптын аты-жөнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Курагы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Дарыгердин аты-жөнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Rp: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Дарыгердин колу жана өздүк мөөрү

М.О.

Рецепт 10 күнгө, 2 айга, 1 жылга жарактуу (кереги жогун чийип сал) ------------------------------------------------------------------------------------------------------------------- Айруу талону Бейтаптын аты-жөнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Дарыгердин аты-жөнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Rp: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Колу жана өздүк мөөрү

М.О.

Саламаттык сактоо уюмунун мөөрү, датасы

М.О.

Берилген ДК аталышы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Фармацевттин аты-жөнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Дарыкана уюмунун М.О. ДАРЫГЕРГЕ ЭСКЕРТМЕ ЛС-1 формадагы рецепттин арткы бетине Саламаттык сактоо уюмунун коду басмаканалык ыкма менен басылат же штамп коюлат. Жеке практикадагы дарыгерлердин рецепттик бланктарынын жогорку бурчунда басмаканалык ыкма менен алардын дареги, лицензиясынын номери, берилген датасы, жарактуулук мөөнөтү жана аны берген уюмдун аталышы көрсөтүлүшү керек. Рецепт латын тилинде, даана, так, сыя же шариктүү калемсап менен жазылат, оңдоп-түзөтүүгө тыюу салынат. Бир рецепттик бланкта предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон бир аталыштагы дары-дармек каражатын жана 2 аталышка чейинки рецепт боюнча берилген дары-дармекти жазууга уруксат берилет. Белгилөөлөрдүн кабыл алынган кыскартууларына гана уруксат берилет, катуу жана чубурма заттар грамм жана миллиграмм, суюктуктар - миллилитр, грамм же тамчы менен жазылат. Колдонуу ыкмасы кыргыз же орус тилинде көрсөтүлөт. "Ичтен", "белгилүү" ж.б. сыяктуу жалпы көрсөтмөлөр менен чектелүүгө тыюу салынат. Бейтаптын аты-жөнү, анын курагы, дарыгердин аты-жөнү көрсөтүлөт. Дарыгердин колу өзүнүн өздүк мөөрү, саламаттык сактоо уюмунун рецепт үчүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Дарыгер жазылган рецепттин жарактуулук мөөнөтү жөнүндө бейтапка эскертүүгө милдеттүү. Дарыгер айруу талонунда дарыгердин жана бейтаптын аты-жөнүн, берилген дары-дармекти, датасын көрсөтөт, өздүк мөөрү жана өзүнүн колу менен, саламаттык сактоо уюмунун рецепттер үчүн мөөрү менен күбөлөндүрөт. Фармацевт рецепт менен бериле турган дары-дармекти дарыкана уюмунан бергенде айруу талонуна фармацевттин аты-жөнүн, берилген дары-дармектин аталышын көрсөтөт, дарыкана уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрөт.".

2-тиркеме "Дарыкана уюмдары аркылуу сатылуучу медициналык багыттагы товарлардын жана буюмдардын ТИЗМЕГИ

Медициналык буюмдар, багуу жана гигиена каражаттары

Медициналык багыттагы буюмдар

1

Адсорбенттер

күкүм сымал, микробго каршы

2

Бинттер

ар кандай түрдөгү жана багыттагы

3

Гипс бинттери

4

Вата

гигроскопиялык медициналык, хирургиялык гигроскопиялык, гигиеналык

5

Гипс

6

Голеностоптор

7

Гольфтор, медициналык байпактар, варикозго каршы

8

Кан токтотуүчу жгуттар

9

Ашказан зонду

ашказан-ичеги, азыктандыруучу

10

Инъекциялык ийнелер

бардык түрү

11

Катетерлер

бардык түрү

12

Медициналык желим

13

Магниттик клипстер

14

Дарылоочу колготкилер

15

Сүт сордургуч

16

Жатын ичиндеги контрацептивдер

17

Балдактар

18

Төшөлмө тегеректер

19

Көз лопаткалары

20

Медициналык марли

21

Медициналык маскалар

22

Заң кабыл алгычтар

23

Заара кабыл алгычтар

24

Тизеге байлагычтар

25

Чыканакка байлагычтар

26

Манжага байлагычтар

27

Тамыр байлагычтар

28

Биринчи жардамда таңуучу пакеттер

29

Медициналык резина мээлейлер, коргоочу

30

Тамчылаткычтар

31

Ар кандай пластырлар, медициналык

32

Таңгычтар

медициналык ар кандай типтеги жана арналыштагы, фиксациялоочу

33

Кычкыл тек үчүн жаздыктар

резина-кездеме, кездеме, үйлөмө ванналар үчүн

34

Вата-марлиден жасалган жаздыктар

35

Азыктагычтар

бардык түрү

36

Жаракат жапкычтар

37

Радикулитти дарылоо үчүн бел кур

38

Презервативдер

39

Ортопедиялык төшөлмөлөр

40

Резиналык капчык

41

Медициналык арналыштагы респираторлор

түрлүү типтеги арналышта

42

Упчулар (пустышка)

43

Балдардын бөтөлкөлөрү үчүн упчулар

44

Спринцовкалар

45

Батектер

ар кандай арналыштагы, анын ичинде ортопедиялык

46

Супинаторлор

47

Тампондор

Ватадан жана марлиден

48

Таяктар

49

Түтүктөр

медициналык резиналык, манжеттер, дренаждар, фистулалар, буждар

50

Кан алуу жана куюу, кан алмаштыруу жана инфузиялык эритмелер үчүн орнотмо, кан жана анын компоненттери үчүн полимердик контейнерлер(\*)

51

Флакон-тамчылаткыч

52

Көкүрөк чөйчөктөр

Бейтаптарды багуу предметтери

53

Кагаз

пергаменттик, момдолгон, компресстик, медициналык, пластикат компресстик

54

Ванночкалар

көздү жууш үчүн

55

Грелкалар

56

Клеенка

төшөлчү резина-кездеме, компресстик, медициналык, пластикат компресстик

57

Эсмарх кружкасы

58

Лотокчолор

59

Оюлууга каршы матрацтар

60

Айнек идиш

61

Бел курлар (бандаждар)

62

Шейшептер

бир жолку медициналык

63

Дары ичүү үчүн стаканчалар

64

Алдына коюлуучу капыкчалар

металл, резина, фарфор

65

Халаттар

кебез кездеме, зыгыр, синтетикалык, бир жолку ж.б.

66

Иммобилизациялык шиналар

ар кандай маркадагы жана арналыштагы

Гигиеналык жана косметикалык каражаттар

67

Даараткана кагазы

68

Резина губкалар

69

Дезодоранттар

70

Депиляторий

71

Тиш паста жана порошоктор

72

Декоративдүү косметика

73

Дарылоочу косметика

74

Лезвия, лезвия үчүн станоктор

75

Лосьондор, кремдер

76

Эфир майлары

77

Атырлар

78

Аялдардын гигиеналык пакеттери

79

Памперстер

80

Балдардын жалаяктары

81

Кагаз бет аарчылар

82

Кагаз сүлгүлөр

83

Аялдардын гигиеналык прокладкалары

84

Сагыз

85

Медициналык салфеткалар

дарылоо-алдын алуу таасири менен

86

Кагаз дасторкон

ар кандай маркадагы жана арналыштагы

87

Гигиеналык каражаттар

88

Ымыркайлар үчүн гигиена каражаттары

дары заттарды камтыган кремдер, майлар, лосьондор, жыттуу суулар, спрейлер, пудралар, помадалар, присыпкалар, аэрозолдор ж.б.

89

Чачтарды кароо каражаттары

90

Бет, дене, кол, бут терисин кароо үчүн каражаттар

91

Ооз көңдөйүн кароо үчүн каражаттар

92

Жуугуч каражаттар

93

Аялдар тампондору

самындар, шампундар

94

Аялдардын гигиеналык ич кийимдери

95

Жыттуу суу

96

Колду жууш үчүн щеткалар

97

Тиш щеткалар

98

Буттун терисин кароо үчүн кыргыч щеткалар (металл)

Медициналык приборлор жана аспаптар

99

Глюкометрлер

100

Таразалар

медициналык балдардыкы, боюн өлчөгүч менен, жерге коюлуучу (электрондук), механикалык портативдүү, столго коюлуучу, ымыркайлар үчүн жана 1,5 жаштагы балдарга жана башка типтеги

101

Ингаляторлор

бардык түрү

102

Дистилляторлор

103

Ланцеттер (скарификатор) (\*)

104

Тигүү материалдары

105

Медициналык кайчылар

106

Пинцеттер

107

Сууну тазалоо приборлору

108

Стерилизаторлор

109

Оорутпоочу стимуляторлор

110

Термометрлер

медициналык, ванналар үчүн, аба, электрондук, сымап ж.б.

111

Бейтаптардын өзүн-өзү контролдоосу үчүн тест-тилкелер

бардык гүрү

112

Тонометрлер

113

Бактериялык чыпкалар

114

Фонендоскоптор

115

Шприцтер

ар кандай типтеги жана сыйымдуулуктагы

"Оптика" дүкөндөрүндөгү көз айнек буюмдары

116

Көз айнектерге аксессуарлар (кутулар, аарчыгычтар ж.б.)

117

Жумшак контакттык линзалар

118

Көз айнек алкактары

119

Даяр көз айнектер

120

Коргоочу көз айнектер

121

Коррекциялоочу көз айнектер

122

Көз ооруларында диагностика жана дарылоо үчүн түзүлүштөр жана каражаттар(\*)

Медициналык максаттар үчүн идиш

123

Фарфор, фаянс жарым фарфор жана майоликадан медициналык максаттар үчүн буюмдар

124

Айнек идиш

пробиркалар, бөтөлкөлөр, анализдер үчүн идиш, баночкалар

Сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу предметтери жана каражаттары

125

Тренажерлор

медициналык максаттар үчүн "Здоровье" калькуляторлору

126

Массажерлор

Стоматологиялык жана тиш протездик приборлор, аспаптар, материалдар

127

Стоматологиялык материалдар

128

Стоматологиялык пластмассалар

129

Пластмасса-мономер

130

Чапталып жасалган көчүрмө материалдары

131

Термопластикалык масса

132

Металлдар жана буюмдар

133

Көмөкчү материалдар

134

Сайкалдоо материалдары

135

Абразивдик буюмдар

136

Ар кандай дисктер

137

Бормашиналар жана шлейф машиналар үчүн ийилгич таштар, тегеректер

138

Стоматологиялык аспаптар Тиш протездик приборлор

Дарылоо жана профилактикалык арналыштагы продуктулар жана тамак-аш кошундулары

139

Мүнөздөп тамактануу

140

Дарылоо-профилактикалык тамактануу, анын ичинде балдардын дарылоо-профилактикалык тамактандыруу

141

Энтералдык тамактандыруу каражаттары

142

Тамак-ашка биологиялык активдүү кошундулар

Минералдык суулар

143

Минералдык суулар

дарылык, ашканалык жана дарылык-ашканалык

Башка товарлар

144

Аптечкалар

145

Балдардын горшоктору

146

Таяктардын учтары

147

Балдактар

148

Полиэтилен пленка

149

Суспензориялар

Медициналык, фармацевтикалык, санитардык-агартуучу, спорттук адабияттар, сергек жашоо мүнөзүн үгүттөө үчүн видео продукциялар

Эскертүү. (\*) Лицензиясы бар жеке практикадагы дарыгерлерге жана саламаттык сактоо уюмдарына сатуу үчүн арналган товарлар.

1. Дарыкана уюмдары аркылуу сатылуучу бардык товарларда алардын сапатын ырастоочу документи болушу керек.

2. Медициналык багыттагы товарлар жана буюмдар дары-дармек каражаттарынан өзүнчө жайгаштырылып, ушул Тизмекте көрсөтүлгөн топторго бөлүштүрүлүшү керек.".
